Лейлекте 100 үй калыбына келтирилди – алар чек арадагы жаңжалда талкаланган

Лейлекте 100 үй калыбына келтирилди – алар чек арадагы жаңжалда талкаланган

Лейлек районунун чек ара айылдарындагы 100 үй толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жергиликтүү жетекчилер турак үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушуп, курулуштун сапаты боюнча сүйлөшүштү.

Эске салсак, 2022-жылдын сентябрь айындагы кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалда Баткен облусу боюнча жалпы 417 үй жабыркаган болсо алардын 100 Лейлек районунда бологон.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда тарыхый-маданий эстеликтерди паспорттоштурууга 13,6 млн сом жумшалат

Кыргызстанда тарыхый-маданий эстеликтерди паспорттоштурууга 13,6 млн сом жумшалат

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу тарых жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча республикалык инспекция республикалык маанидеги тарыхый-маданий эстеликтерди, ошондой эле Чүй жана Баткен облустарындагы археологиялык эстеликтерди паспортизациялоо боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы билдирүүгө ылайык, сатып алуу ыкмасы — чектөөсүз. Пландалган сумма 13 млн 681 миң 900 сомду түзөт. Төмөнкү

Быйыл 3 айда ИДП 10,1%га, эмгек акы 5,6%га өстү – А.Козубеков

Быйыл 3 айда ИДП 10,1%га, эмгек акы 5,6%га өстү – А.Козубеков

Өлкөбүздө экономикалык жигердүүлүк жетишээрлик жогорку деңгээлде сакталып жатканын бүгүн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын берген маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Ички дүң продукция (ИДП) 10,1%га өскөн. "Өсүш экономиканын бардык секторлорунда байкалууда. Ошондой эле экономикалык жигердүүлүктүн өсүшү ички суроо-талаптын

Bloomberg Brent мунайынын баррели 160 долларга көтөрүлүшү мүмкүнбү?

Bloomberg Brent мунайынын баррели 160 долларга көтөрүлүшү мүмкүнбү?

Мунай баалары боюнча божомолдор Ормуз кысыгы канча убакытка чейин кемелер үчүн жабык болоруна абдан көз каранды, деп жазат Bloomberg NEF. "Мисалы, эгер ал май айынын башында ачылса, Brent мунайынын баасы баррелине 100 доллар чамасында кармалат. Ал эми ачылышы эки айга — июлдун башына чейин — жылдырылса, баа 160 долар деңгээлине чейин

Мыйзамсыз ташылган 1,5 млн сомдук товарларга бөгөт коюлду

Мыйзамсыз ташылган 1,5 млн сомдук товарларга бөгөт коюлду

Салык кызматынын кызматкерлери өлкө аймагына жалпы суммасы болжол менен 1,5 миллион сомду түзгөн аудиотехника, стоматологиялык материалдар жана башка товарларды мыйзамсыз ташып киргизүүгө бөгөт коюшту. Бул тууалуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан маалымдашты. Маалымата караганда, “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө пунктунун аймагында жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө “Toyota»” үлгүсүндөгү автоунааны текшерүү учурунда тиешелүү