Бишкек – Кара-Балта автожолунун курулушунда 104 млн сом уурдалган
Бишкек – Кара-Балта автожолунун курулушунда 104 млн сом уурдалган. Бул тууралуу Башкы прокуратурасы кабарлады.
Такталгандай, Бишкек – Кара-Балта автожолунун курулуш-реабилитациялоо иштеринин көлөмү жана жол катмарынын үлгүлөрү текшерилип, жыйынтыгында 450 көчө жарыктандыруу үчүн лампалары бар металл мамылардын, 36 парапеттин, 2 аялдаманын, орнотулган темир торлордун, А тибиндеги асфальт-бетондун жана башка мүлктүн жетишсиздиги, ошондой эле, жолго жыштыгы төмөн болгон асфальт төшөлгөндүгү аныкталган.
Бюджетке келтирилген зыян 104 млн сомду түздү. Долбоорду Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ишке ашырып жатат. Сметалык баасы 17.7 млн долларлы түзөт.