Күзгө чейин электросамокаттардын айдоосу жөнгө салынат

Күзгө чейин электросамокаттардын айдоосу жөнгө салынат

Жогорку Кеңештин депутаттары электросамокатты айдоону жөнгө салган мыйзам долбоорун даярдап жатышат. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев брифинг учурунда айтып берди.

Анын айтымында, акыркы учурда электросамокат тепкендер жол кырсыгына кабылган учурлар жогорулады. Бирок аталган долбоордо электросамокатта жүрүүнүн ылдамдыгына чек коюшпайт, башкысы, алар атайын белгиленген жол менен жүрүшү керек.

«Мындан сырткары, эки киши минип кеткенге боло турган самокаттар бар, эгер андай болсо экөө тепсе уруксат берилет. Ал эми чыгаргандар бир эле кишиге ылайыкталган деп көрсөтсө, анда экинчисин кошо тургузуп алууга болбойт. Себеби ал өтө кооптуу», — деди депутат.

Ал аны башкара тургандар каска, колун, чыканагын сактай турган жана башка жабдууларды коопсуздук үчүн кийүү зарылдыгын белгилейт.

«Самокатты ижарага тапшыргандар милдеттүү түрдө аталган буюмдун техникалык абалына көз салып, анан пайдаланууга бериши керек. Сентябрга чукул мыйзам долбоорун кабыл алабыз. Аны менен катар эле Эреже бузуу кодексине түзөтүү киргизебиз. 500, 1000 сом суммасына чейинки айып пулдар бекитилет», — деп Маматалиев жыйынтыктады.

Мындан тышкары окуңуз

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы тарабынан шаар четиндеги жана шаар аралык автобус каттамдарында “Бакай Банк” ЖАКтын QR-коддору аркылуу накталай эмес жол кире төлөө системасы пилоттук режимде ишке киргизилди. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, учурда жаңы төлөм системасын этап-этабы менен киргизүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында программалык камсыздоо,

Бишкекте пилоттук негизде жаңы жол чырактар иштей баштады

Бишкекте пилоттук негизде жаңы жол чырактар иштей баштады

20-июнда жол тыгынын азайтуу жана транспорт агымын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Чүй проспекти менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинде жаңы жол чырактар орнотулуп, пилоттук негизде ишке киргизилди. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоордун алкагында жаңы жол чырак объектилеринин иштөө алгоритми, унаа агымына тийгизген таасири жана белгилүү бир убакыт

Бишкекте Васильевский тракт көчөсү оңдолот

Бишкекте Васильевский тракт көчөсү оңдолот

Бишкек шаарындагы жол инфраструктурасын жаңылоо иштеринин алкагында Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө башталат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, 23-июндан тарта иштер Фучик көчөсүнөн тартып “Манас” эл аралык аба майданына чейинки тилкеде башталат. Оңдоп-түзөө иштери этап менен айрым бөлүктөргө бөлүнүп жүргүзүлөт. Иштер жүрүп жаткан учурда жол

Кызыл-Булак – Тамаша жолун сел алып кетти

Кызыл-Булак – Тамаша жолун сел алып кетти

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 120-121- чакырым аралыгында нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен жолго түшкөн таштар жана сел калдыктары өз убагында тазаланды. Каттам эки тараптуу ачык. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, Кызыл-Булак – Тамаша автожолунун  0-чакырымында 200 метр аралыктагы жолду сел алып кеткен.  Учурда жеринде министрликтин №46