Бишкекте Васильевский тракт көчөсү оңдолот

Бишкекте Васильевский тракт көчөсү оңдолот

Бишкек шаарындагы жол инфраструктурасын жаңылоо иштеринин алкагында Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө башталат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-июндан тарта иштер Фучик көчөсүнөн тартып “Манас” эл аралык аба майданына чейинки тилкеде башталат. Оңдоп-түзөө иштери этап менен айрым бөлүктөргө бөлүнүп жүргүзүлөт.

Иштер жүрүп жаткан учурда жол толугу менен жабылбайт. Оңдолуп жаткан тилкеде көчөнүн бир тарабы гана убактылуу жабылып, унаа кыймылы жолдун экинчи тарабы аркылуу эки багытта уюштурулат.

Мындай ыкма транспорттук байланышты сактап, шаар тургундары жана коноктор үчүн ыңгайсыздыктарды азайтууга мүмкүндүк берет. Чектөө иштер жүргүзүлүп жаткан айрым тилкелерде оңдоп-түзөө толук аяктаганга чейин этап-этабы менен киргизилип турат.

Аткарылып жаткан иштер жолдун сапатын жакшыртууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана шаардын транспорттук инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын каттамдарды пландаштырууда оңдоо иштерин эске алууну өтүнөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токмокто темир жол куруу үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү

Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Бишкекте 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди

Өзгөчө кырдаалдар учурунда медиа-штаб түзүү сунушталууда

Сузактагы кыш завод абаны булгаганы үчүн айыпка жыгылды