Ысык-Атанын фермерлери өкмөттүн имаратынын астына митингге чыгышты

Ысык-Атанын фермерлери өкмөттүн имаратынын астына митингге чыгышты

Фермерлер суунун тартыштыгынан улам Бишкекте митингге чыгышты. Бул тууралуу Kaktus.Media басылмасы билдирди.

Такталгандай, дыйкандар Бишкектин Эски аянтындагы министрлер кабинетинин имаратынын жанына чогулушту. Алар сугат суунун жоктугуна нааразычылыгын билдиришти.

Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын кызматкерлеринин айтымында, митингге Ысык-Ата районунун дыйкандары келишти. Азыр ал жерде Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеев дагы бар.

Митингге 30га жакын дыйкан катышты. Алардын жанында укук коргоо органдарынын кызматкерлери турат.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата энергетикалык тармакта даярдык көрүлүүдө

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата энергетикалык тармакта даярдык көрүлүүдө

Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү максатында объекттерди электр энергиясы менен камсыз кылуу жана энергия менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Григорьевка айылында 10 кВ чыңалуудагы узундугу 17,7 чакырым болгон жаңы электр берүү чубалгысы заманбап

Коммерциялык банктардын кассаларына 4 айда 1,3 трлн 70,7 млн сом түшкөн

Коммерциялык банктардын кассаларына 4 айда 1,3 трлн 70,7 млн сом түшкөн

2026-жылдын I кварталында Кыргызстан боюнча коммерциялык банктардын кассаларына 1 трлн 383 млрд 70,7 млн сом түшкөнүн Улуттук банктын маалыматында айтылат. 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу түшүүлөрдүн көлөмү 158 млрд 539,7 млн сомго же 13%га өскөн. 2025-жылдын IV кварталында республика боюнча коммерциялык банктардын кассаларына жалпы 1 трлн 680

Жарманкеде  5 миңден ашык жумуш орун сунушталды

Жарманкеде  5 миңден ашык жумуш орун сунушталды

23-апрелде К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин имаратында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Бишкек мамлекеттик университети менен биргеликте бош жумуш орундар жарманкеси, “Карьера күнү” жана ачык эшиктер күнү уюштурулду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызмат билдирди. Маалыматка ылайык, жарманкеге мамлекеттик, муниципалдык жана жеке сектордон 100гө жакын уюм

Мамлекеттик салык кызматы мыйзамсыз балык уулоочу торлорду алып кирүүгө тыюу салды

Мамлекеттик салык кызматы мыйзамсыз балык уулоочу торлорду алып кирүүгө тыюу салды

Түндүк-Чыгыш бажысынын кызматкерлери туура эмес декларациялоо фактысын аныктап, Кыргызстанга тыюу салынган товарларды алып кирүү аракетинин алдын алышканын Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Автотранспорт каражаты Кытайдан келип, "Кант" убактылуу сактоо кампасына "М.Л." ЖЧКсынын дарегине жеткирилген. Коштоочу документтерге ылайык, жүк эмерек отургучтары, бекитүүчү фурнитура жана