Бишкекте 14 чакырым тротуар салынып жатат

Бишкекте 14 чакырым тротуар салынып жатат

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы  көчөлөрдүн 8 тилкесинде тротуарларды капиталдык курууну улантууда. Тротуардын жалпы узундугу 14 км түзөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Учурда төмөнкү көчөлөрдүн тилкелеринде иштер уланууда:

• Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейин (түндүк тарабы);

• Чүй проспектиси боюнча Осмонкул көчөсүнөн Гоголь көчөсүнө чейин (түштүк тарабы);

• Горький  көчөсү Карасуу көчөсүнөн Тынчтык проспектисине чейин (түндүк тарабы);

• Фучик көчөсү «Газпром-Кыргызстан» ААКсынын кеңсесинен  Рыскулов көчөсүнө чейин (батыш тарабы);

• Махатма Ганди көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Саадаев көчөсүнө чейин;

• Сухэ- Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин (түштүк тарабы);

• Юнусалиев көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Донецкий көчөсүнө чейин.

Ошондой эле, Садырбаев көчөсүн бойлой Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин чыгыш тараптан 2800 погон метр тротуар орнотулган веложол бүтүрүү алдында турат. Жакында Шабдан Баатыр көчөсүнүн эки тарабында Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин тротуар жабдылат.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адам катары акшлык Илон Маск турат. Анын бүгүнкү күндө 957 млрд долларлык байлыгы бар. Илон Масктан кийинки экинчи бай адам катары акшлык Лари Пейдж эсептелет. Ларри Пейдж Google компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси болуп саналат. Анын жалпы байлыгы 304 млрд долларды түзөт. 3-орунда 283 млрд доллар

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Баткен облусунун Зардалы айылында заманбап турак жайлар курулат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, мурда жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат. Зардалы айылында акыркы жылдары электр энергиясы тартылып, уюлдук байланыш жана интернет ишке киргизилген, ошондой

КРдагы банктар 4 айда  9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРдагы банктар 4 айда 9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРнын Улуттук банкы өлкөнүн банк секторунун 2026-жылдын 30-апрелине карата өнүгүү тенденцияларын жарыялады. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган жана алардын тапкан таза кирешеси 9,5 млрд сомго жеткен. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, банк системасынын жалпы активдери төрт ай ичинде 28,

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

24-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда Досматов Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо жаатында эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келерин белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосуна ыраазычылык билдирди.