Депутаттар банктык аманаттарды коргоо жөнүндөнү мыйзамды биринчи окууда колдошту

Депутаттар банктык аманаттарды коргоо жөнүндөнү мыйзамды биринчи окууда колдошту

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу ЖК маалымат кызматы маалымдады.

Такталгандай, мыйзам долбоорун депутаттарга Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев  тааныштырды.

Мыйзам долбоорунда ээси жеке адамдар, жеке ишкерлер болуп саналган, банк тарабынан эмитирленген электрондук акчаны аманаттын аныктамасына кошуу аркылуу депозиттерди камсыздандыруу чөйрөсүн кеңейтүү каралат. Ошондой эле аманатчылардын компенсациялык төлөмдөрдү ыкчам алуусун камсыз кылуу процесстерин жакшыртуу максатында, көзөмөлдөө органы тарабынан лицензияны кайтарып алууну кепилдик учур катары аныктоо сунушталат.

Жыйынтыгында депутаттар аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоого алышты.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жаш жубайлар үйлөнүү тоюнун урматына көчөт отургуза алышат

Бишкекте жаш жубайлар үйлөнүү тоюнун урматына көчөт отургуза алышат

"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы "GREEN AIR" компаниясы менен биргеликте "Жаңы үйлөнгөндөргө бак отургузуу" аттуу экологиялык долбоорду баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Долбоор жаңы үйлөнгөн жубайларга үйлөнүү тоюнан кийин өз үй-бүлөсүнүн символу катары бак отургузууга мүмкүнчүлүк берет. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, бул

Түп районуна 71,7 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Түп районуна 71,7 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол инфраструктурасын өнүктүрүү багытында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. 2026-жылы бекитилген планга ылайык жалпысынан район боюнча 71,7 чакырым жолго асфальт төшөө иштери пландалган. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мааалымат кызматынын айтымына караганда, Талды-Суу – Арал унаа жолунун 10 чакырымына  асфальт төшөө жумуштары башталды.

Мамлекеттик кызматтарды тездетүү боюнча 100 күндүк реформа башталды

Мамлекеттик кызматтарды тездетүү боюнча 100 күндүк реформа башталды

29-июнда "Ынтымак Ордо" резиденциясында өткөн жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 100 күндүк реформалар расмий түрдө башталганын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Жаңы демилгелер мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санарипке өткөрүүгө жана кагаз иштерин азайтууга багытталган. Биринчи этапта финансылык институттардагы күрөөнү алып салуу иштерин жөнөкөйлөтүү каралууда.

Баткен – Тамчы аба каттамы ишке киргизилет

Баткен – Тамчы аба каттамы ишке киргизилет

16-июлдан тартып тарыхта биринчи жолу Баткен – Тамчы – Баткен багыты боюнча түз туруктуу авиакаттам ишке киргизилет. Бул каттам Баткен облусу менен Ысык-Көлдүн жээгин эч кандай транзитсиз жана узак жол жүрбөстөн байланыштырат. "Кыргызстан аэропортторунан” билдиргендей, эми баткендиктер болжол менен бир сааттын ичинде Ысык-Көлдүн жээгине жетип, эс ала алышат.