Бажынын инспектору коррупциялык схеманы уюштурган үчүн кармалды

Бажынын инспектору коррупциялык схеманы уюштурган үчүн кармалды
Photo by Bermix Studio / Unsplash

Бажы кызматынын алдындагы «Автомобильный» Түндүк-Чыгыш бажысынын бажылык тариздөө жери боюнча улук инспектору, майор Ж.у.М. кармалган. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Жогорудагы кызматкер «Автомобильный» бажылык тариздөө жеринде мыйзамсыз баюу максатында, аталган бажылык тариздөө жери аркылуу өткөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын өндүрүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

“Тегирмен башы” эчки чарбасы 2 млн сомдук тыбыт өндүрүүнү пландоодо

“Тегирмен башы” эчки чарбасы 2 млн сомдук тыбыт өндүрүүнү пландоодо

Баткен районундагы “Тегирмен башы” мамлекеттик эчки чарбасына Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын жетекчиси Адилет Сотовалдиев тиешелүү адистер менен биргеликте иш сапары менен барып, чарбанын учурдагы абалы жана өнүгүү перспективалары менен таанышты.  Ветеринардык кызматтын маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө чарбанын өндүрүштүк көрсөткүчтөрү, асыл тукум иштеринин жүрүшү, малдын саны,

Кытай тарап Баткендеги инвестициялык долбоорлорго кызыгуусун билдирди

Кытай тарап Баткендеги инвестициялык долбоорлорго кызыгуусун билдирди

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов кытайлык "Hebei Lugang Group" компаниясынын төрагасы Лю Руйляо баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Жолугушууда Баткендин экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар жана артыкчылыктуу долбоорлор тууралуу кеңири маалымат берилди. Кытайлык өкүлдөргө “Достук” эл аралык соода-логистикалык паркы, заманбап көп кабаттуу

Алдамчылыкка айыпталгандар чет өлкөдөн алынып келинди

Алдамчылыкка айыпталгандар чет өлкөдөн алынып келинди

Башкы прокуратуранын чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен жүргүзгөн натыйжалуу кызматташуусунун негизинде эл аралык издөөгө жарыяланган эки шектүүөлкө аймагына жеткирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Маалыматка ылайык, алардын бири – Америка Кошмо Штаттарынан жеткирилген Ы.М. – алдамчылыктын бир нече эпизодун жасоого айыпталууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал жарандардын ишенимине кирүү жолу менен алардын

Кара-Сууда селден жабыркаган жолдор тазаланып, каттам ачылды

Кара-Сууда селден жабыркаган жолдор тазаланып, каттам ачылды

Кара-Суу районунда 24-июнда кечки саат 21:20 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Ынтымак айыл аймагындагы Жаңы-Арык – Кызыл-Суу унаа жолунун 19-чакырымынан тартып бир нече бөлүгү жабыркаган. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги берген маалыматка ылайык, жерине №45 Жол эксплуатациялоо мекемесинин атайын техникасы ыкчам тартылып, тазалоо иштери