Бишкекте Сейсмология институтунун жаңы имараты ачылды

Бишкекте Сейсмология институтунун жаңы имараты ачылды

Бишкекте Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сейсмикалык активдүүлүгүнүн жогорулашына байланыштуу сейсмикалык мониторингди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыз кылуу маселелери артыкчылыктуу экендигин белгиледи.

«Жакында Түркия менен Сирияда жүздөгөн адамдардын өмүрүн алган коркунучтуу жер титирөөлөргө бүт дүйнө күбө болду. Биздин өлкөдө күчү 5-7 баллга жеткен жер титирөөлөр бир нече жолу болгон, ошондуктан биз ар дайым даяр болушубуз керек», – деп белгиледи Жапаров.

Ал кошумчалагандай, КР УИАсына тиешелүү республика эгемендүүлүк алган жылдан бери бир дагы жаңы имарат курулган эмес, аны менен катар академиянын имараттарында олуттуу оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

«Бул долбоор өкмөт, Борбордук Азиядагы Америка университети жана эл аралык донордук уюмдар өлкөбүздүн жарандарынын жалпы жыргалчылыгы жана алардын коопсуздугу үчүн бириккен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн үлгүсү болот деп ишенем», – деп жыйынтыктады Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

13-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, суу турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо объектилерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине берилбейт. Суу өчүрүлө турган аймактар: • Алыкулов – Костанай – Муром – Садыгалиев – Лев Толстой

Ишкер Media
Электр энергиясына болгон муктаждык камсыздалат

Электр энергиясына болгон муктаждык камсыздалат

Кече Кара-Көл шаарында энергетика министри Алтынбек Рысбеков “Электр станциялар” ачык акционердик коомунда кеңешме өткөрдү. Ага компаниянын башкы дирекциясынын өкүлдөрү, филиалдардын директорлору жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Кеңешменин жүрүшүндө “Электр станциялар” ААКсынын башкы директору Улугбек Мамыралиев компаниянын ишмердүүлүгү, негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөр, энергетикалык жабдуулардын учурдагы абалы, оңдоо иштеринин жүрүшү жана 2026–

Ишкер Media
Кочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөт

Кочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөт

10-октябрда Кочкор темир жол бекетинде алгачкы жолу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын вагондоруна көмүр жүктөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, жүктөлгөн көмүр Бишкек шаарынын ЖЭБине жөнөтүлөт. Жүктөө иштери Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылындагы көмүр аянтчасында жүрүүдө. Ташуу үчүн жалпы сыйымдуулугу 1 000 тонна болгон

Ишкер Media
Бишкекте жол куруу үчүн аймактарды бошотуу уланып жатат

Бишкекте жол куруу үчүн аймактарды бошотуу уланып жатат

Бишкек шаарында инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан жол курууга жана жолдорду кеңейтүүгө тоскоолдук жараткан объектилерди демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, Чыгыш айланма жолду куруунун алкагында төмөнкү объектилер демонтаждалды: * “Шнос” май куюучу жайы — 2 000 чарчы метр жер тилкеси бошотулду; * Өндүрүштүк жана техникалык тейлөө

Ишкер Media