Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт
13-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, суу турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо объектилерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине берилбейт.
Суу өчүрүлө турган аймактар:
• Алыкулов – Костанай – Муром – Садыгалиев – Лев Толстой көчөлөрү – "Coca-Cola" аймагы;
• Садыгалиев – Чүй проспектиси – П. Лумумба – Волков – Костанай, андан ары Алимжан-Ата – Чоң Чүй каналы – Ленская – Космонавттар – Коммунаров – Чоң Чүй каналы – Ала-Арча дарыясы – Рыскулов – Чүй проспектиси
• Пишпек – Жамгерчинов – Кайназарова – Гатчинага бурулуш – П. Лумумба – Жамгерчиновдон Садыгалиевге чейин;
• "Аскер шаарчасы", "Кызыл-Аскер" конушу, 110-квартал жана "Достук" кичи району.
Суу өчүрүүнүн себеби - "Западный" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо жана алдын алуу иштери жүргүзүлөт.
"Бишкексууканал" ишканасы жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, шаардыктарды сууну алдын ала камдап алууга чакырат.
Белгилей кетсек, пландуу жана авариялык өчүрүүлөр тууралуу "Менин шаарым" тиркемесинен билсе болот.