Салык кызматынын лотереясынын экинчи күнүндө 234 баалуу байге ойнотулат

Салык кызматынын лотереясынын экинчи күнүндө 234 баалуу байге ойнотулат

Бүгүн, 27-июнь – «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын байгелерин ойнотуунун экинчи күнү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Түз эфирдин жүрүшүндө 100 iPhone14, 100 смартфон, 30 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 4 фен ойнотулат. Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, 26-июнда 100 iPhone14, 100 смартфон, 30 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 4 фен өз ээлерин тапты. Мындай утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында 30-июнга чейин созулуп, күн сайын 234 байгеден ойнотулат.

Утуштарды бул жерден көрсөңүз болот: Facebook, YouTube.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл айыл чарба каттоосу толугу менен электрондук форматка өткөрүлөт

Быйыл айыл чарба каттоосу толугу менен электрондук форматка өткөрүлөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев айыл чарба каттоосун өткөрүүгө даярдык маселелерине арналган Республикалык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында КР Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов каттоо толугу менен электрондук форматта өтөрүн маалымдап,

Лебединовка ГЭСин Кытай корпорациясы реконструкциялайт

Лебединовка ГЭСин Кытай корпорациясы реконструкциялайт

"Чакан ГЭС" ААКсы Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо боюнча башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation менен келишим түзгөнүн коомдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, адистер долбоордук-сметалык документацияны даярдоого киришти. Долбоор станциянын жабдууларын жаңылоону, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну жана пайдалануу мөөнөтүн узартууну карайт. Иш-чаралар ишке ашырылгандан кийин төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишүү пландалып

Бишкек мэри базар аймактарын көрктөндүрүү боюнча тапшырма берди

Бишкек мэри базар аймактарын көрктөндүрүү боюнча тапшырма берди

23-февралда Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Свердлов районунун аймагындагы базарларды көрктөндүрүү маселеси боюнча жеринде текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Текшерүүнүн алгачкы объектиси Дордой базары болду. Бул жерде аймакты көрктөндүрүү иштери жүрүп жатканын көргөн мэр көлдүн айланасын тазалоо, камыштардан арылтуу жана көрктөндүрүү иштерин улантуу боюнча тапшырмаларды берди. Белгиленгендей,

Ош шаары 100 күндүк өнүгүү планын иштеп чыгат

Ош шаары 100 күндүк өнүгүү планын иштеп чыгат

Ош шаары 100 күндүк стратегиялык өнүгүү планын даярдап жатканын түштүк борбордун мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, шаар мэри Жанарбек Акаев аппараттык жыйын өткөрүп, президент тарабынан коюлган тапшырмаларды аткарууда ар бир мүнөт маанилүү экенин белгиледи. "Стратегиялык план социалдык тармакты, экономиканы жана курулуш тармагын камтыйт. Мэр иштин ыргагын жайлатпоону