Оштон Сургутка авиакаттамдар көбөйдү

Оштон Сургутка авиакаттамдар көбөйдү

Ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 26-июнда Ош-Сургут-Ош багыты боюнча биринчи үзгүлтүксүз каттамын аткарып, муну менен Кыргызстандан Россияга туруктуу каттамдардын санын дагы көбөйдү. Бул тууралуу «Манас» аэропорту билдирди.

Такталгандай, каттамдар Airbus A320 учактары менен жумасына бир жолу – жума күндөрү аткарылат.

Эске салсак, Utair авиакомпаниясы бул каттам боюнча каттамдарды жумасына бир жолу – жума күндөрү аткарат.

Бул каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча аталган авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайбыз.

Мындан тышкары окуңуз

Лотореялык алдамчылык: унаа, акча жана “жеңил утуштар”

Лотореялык алдамчылык: унаа, акча жана “жеңил утуштар”

КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы мыйзамсыз лотереяларды интернет аркылуу өткөрүү фактыларынын көбөйүп баратканына эске салууда. Билдирүүгө караганда, алдамчылар лотереяларды уюштуруп, ар кандай интернет платформалар аркылуу мыйзам талаптарына  жооп бербеген оюндарга катышууну сунуштап жатышат. Натыйжада, автомобиль, ири суммадагы акча каражаттарын же баалуу сыйлыктарды

Сокулуктагы асыл тукум станциясынын жабдуулары жаңыланды

Сокулуктагы асыл тукум станциясынын жабдуулары жаңыланды

Сокулук районунун Сарбан айылындагы “Элита” мамлекеттик асыл тукум станциясында суюк азот өндүрүүчү жабдуулар толугу менен жаңыланды. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор Кореянын КОРIA борбору менен биргеликте ишке ашырылган. Жаңылоо иштеринин жыйынтыгында станциянын өндүрүштүк мүмкүнчүлүгү жогорулап, суюк азотту үзгүлтүксүз өндүрүү жана өлкө боюнча жасалма уруктандыруу кызматтарына жеткирүү шарттары

Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын кызматкерлеринин айлыгы көбөйдү

Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын кызматкерлеринин айлыгы көбөйдү

2026-жылдын апрель айынан тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын тутумундагы кызматкерлердин эмгек акысы орточо 100%  жогорулатылды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, эмгек акыны жогорулатуу президенттин жарлыгына ылайык ишке ашырылды. Буга чейин дарыгер-эксперттер орточо 14 миң сом, ал эми МСЭКтин төрагалары орточо 25 миң сом айлык алышса,

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды

Кара-Кулжанын Алайкуу аймагындагы унаа жолдору тазалоо иштеринен кийин бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Терек – Чаты – Терек автожолунун 10-чакырымына чейинки аралыкка сел түшүп, жол убактылуу жабылган. Учурда жүргүзүлгөн тазалоо иштеринин натыйжасында жол бир тараптуу кыймыл үчүн ачылды. Мырза-Аке – Кара-