Лотореялык алдамчылык: унаа, акча жана “жеңил утуштар”

Лотореялык алдамчылык: унаа, акча жана “жеңил утуштар”

КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы мыйзамсыз лотереяларды интернет аркылуу өткөрүү фактыларынын көбөйүп баратканына эске салууда.

Билдирүүгө караганда, алдамчылар лотереяларды уюштуруп, ар кандай интернет платформалар аркылуу мыйзам талаптарына  жооп бербеген оюндарга катышууну сунуштап жатышат. Натыйжада, автомобиль, ири суммадагы акча каражаттарын же баалуу сыйлыктарды утуп алуу мүмкүнчүлүгү жарандардын кызыгуусун жаратып, алданууга алып келүүдө.

Лоторея ойнотуунун мыйзамдуулугун билиш үчүн - лотереяны уюштуруучулардын тиешелүү лицензиясы бар экендигин текшерүү зарыл. Лотереялардын мыйзамдуулугу боюнча күмөн саноо жаралса тиешелүү кеңеш алуу үчүн Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына кайрылса болот.

Мыйзамсыз өткөрүлгөн лотереялардын негизги белгилери:

1)    Лотереяны өткөрүү уруксатынын жоктугу;
2)    Оюндарга катышуу же сыйлык алуу үчүн акча которууну талап кылуу;
3)    Лотерея өткөрүүнүн шарттары жөнүндө маалыматтын жоктугу;
4)    Ири суммадагы акча каражатын/баалуу байге үчүн негизсиз убада.                            

Учурда КРнын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу боюнча укук коргоо органдары тарабынан төмөндөгү мыйзамсыз лотерея уюштуруучулар үстүндө тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө:

-        лотерея «Altyn belek»;
-        лотерея «MEGA SHANC»;
-        лотерея «БАБЛ ТИ БИШКЕК»;
-        лотерея «NAKITO КОФЕЙНЯ БИШКЕК»;
-        лотерея «MOTOAKS.KG /АКСЕСУАРЫ БИШКЕК»;
-        лотерея «enesaicitykg»;
-        лотерея «aziya_2026.2»;
-        лотерея «kitepkg01»;
-        лотерея «yrys_ordo/kg».

Мындай лотереяга туш болгон кезде, алданбоо үчүн  - шектүү лотереяны уюштуруучуларга жеке маалыматты же  акча каражатын бербей шектүү оюнга катышуудан баш тартуу сунушталат.     

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарында заманбап медициналык борбор ачылды

Ош шаарында заманбап медициналык борбор ачылды

Бүгүн Ош шаарында "Клиника Ош" медициналык борбору ачылды. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун тең төрагасы катышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Мэр бул борбордун ачылышы шаар үчүн маанилүү кадам экенин белгилеп, фондго ыраазычылык билдирди. "Бул долбоор Кыргызстан

Ишкер Media
Чума: эмнелерди билүү жана кантип сактануу керек?

Чума: эмнелерди билүү жана кантип сактануу керек?

Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал туруктуу жана көзөмөлдө. Бирок Орусиянын Иркутск облусунда чума катталгандан кийин профилактикалык иш-чараларды билүү жана колдонуу керек. Бул тууралуу Карантиндик жана кооптуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемологу Кубанычбек Бектурдиев айтып берди. Чума – курч мүнөздө өтүүчү жугуштуу, коркунучтуу оору. Бул оору кемирүүчүлөрдөн, өзгөчө жайлоолордон жугат. Ушул себептүү чумадан сактануу

Ишкер Media
"Жылдын мыкты тарбиячысы - 2026" сынагын 4 педагог жеңди

"Жылдын мыкты тарбиячысы - 2026" сынагын 4 педагог жеңди

"Жылдын мыкты тарбиячысы - 2026” республикалык сынагынын 4 номинациясы боюнча жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, бүгүн билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаранын алкагында сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аларга президенттин фондунан 500 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды. Номинациялар боюнча

Ишкер Media
"Ала-Арчада" от жаккан 2 жаранга 15 миң сом айып салынды

"Ала-Арчада" от жаккан 2 жаранга 15 миң сом айып салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы "Ала-Арча" жаратылыш паркынын Кайың токойу аймагында рейд өткөрдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, рейд токойлорду өрттөн коргоо максатында уюштурулган. Текшерүүдө токойдо от жагууга тыюу салынганына карабастан, от жаккан жарандар аныкталды. Аларга карата 2 протокол

Ишкер Media