«Токмок суу каналда» суу түтүктөрү сатуу боюнча коррупциялык схема аныкталды

«Токмок суу каналда» суу түтүктөрү сатуу боюнча коррупциялык схема аныкталды

«Токмок суу канал» ММдин балансында турган мамлекеттик мүлктү (чоң көлөмдөгү суу түтүктөрү) уурдоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК маалымат кызматы билдирди.

Тактап айтканда, «Токмок суу канал» ММдин директорунун орун басары А.А.A. баш болуп аталган мекеменин директоруна билгизбей ири суу түтүктөрүн сатуу боюнча коррупциялык схема уюштурулган.

«Ошол эле учурда, 2023-жылдын 26-июнунда козголгон кылмыш ишинин алкагында «Токмок суу канал» ММдин директору О.С.К.га пара берип жана муниципалдык менчикти сатууну жашыруу максатында 60 миң сом пара берип жаткан жеринен анын орун басары А.А.А. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мындан тышкары, А.А.А.нын унаасынан суу түтүктөрүн сатуудан түшкөн дагы 135 миң сом акча каражаты табылган», - деп мекеме белгиледи.

Учурда аталган мамлекеттик мүлктү уурдоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Евро 100 сомдон ашты: валюта базарындагы соңку өзгөрүүлөр

Евро 100 сомдон ашты: валюта базарындагы соңку өзгөрүүлөр

18-июнга карата Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда чет элдик валюталардын курсу жаңыланды. Евронун сатуу баасы 101 сомдон ашып, доллар салыштырмалуу туруктуу деңгээлде сакталууда. Маалыматка ылайык, АКШ доллары орточо эсеп менен 87,37 сомдон сатып алынып, 87,80 сомдон сатылууда. Ал эми Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын расмий курсун 87,45 сом

Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри кармалды

Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри кармалды

УКМК мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы жана мекемелердеги коррупцияга каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы социалдык объекттин курулушунда мыйзам бузууларга жол берилген фактыларды аныктады.  УКМКнын маалымат кызматынын айтымына караганда, Кара-Көл шаарынын мэриясынын кызмат адамдары тарабынан 2024–2025-жылдары Кара-Көл шаарынын 7-кичирайонунда шаардагы турак

Эл артисти Улукмырза Полотов каза болду

Эл артисти Улукмырза Полотов каза болду

Эл артисти, опера ырчысы Улукмырза Полотов 83 жашында каза болду. Бул тууралууэстрада ырчысы Сыймык бейшекеев билдирди. Улукмырза Полотов 1943-жылы 3-октябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Улук айылында туулган. Фрунзедеги Искусство институтун аяктаган соң Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин солисти катары таанылган.  1994–жылдан баштап Б.Бейшеналиева атындагы

Кыргыз-өзбек өнөр жай өнөктөштүгү чыңдалууда

Кыргыз-өзбек өнөр жай өнөктөштүгү чыңдалууда

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Ташкент шаарындагы TEXNOPARK өнөр жай кластерине барды. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы Өзбекстандын ири өнөр жай комплекстеринин бири саналган технопарктын ишмердүүлүгү менен таанышып, анын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүнө күбө болду. Жолугушууларда өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, өндүрүштүк