Кыргыз-өзбек өнөр жай өнөктөштүгү чыңдалууда

Кыргыз-өзбек өнөр жай өнөктөштүгү чыңдалууда

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Ташкент шаарындагы TEXNOPARK өнөр жай кластерине барды. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы Өзбекстандын ири өнөр жай комплекстеринин бири саналган технопарктын ишмердүүлүгү менен таанышып, анын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүнө күбө болду.

Жолугушууларда өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, өндүрүштүк чынжырчаларды түзүү, заманбап технологияларды киргизүү жана өнөр жай тармагына инвестиция тартуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле TEXNOPARKтын тажрыйбасы Кыргызстанда индустриалдык аянтчаларды жана өндүрүштүк кластерлерди өнүктүрүүдө колдонууга боло турган натыйжалуу үлгү катары бааланды.

Белгиленгендей, иш сапар алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүүгө, жаңы ишкердик байланыштарды түзүүгө жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Медер Абакиров Черногориянын туризм министри менен жолугушту

Медер Абакиров Черногориянын туризм министри менен жолугушту

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Черногориянын туризм министри, БУУнун Туризм боюнча Европа комиссиясынын төрайымы Симонида Кордич менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда тараптар туризм тармагындагы кыргыз-черногориялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Анын ичинде өз ара туристтик алмашуу, түз аба каттамдарын көбөйтүүнү жана жарандардын өз

Жумгалда уруксат документтери жок иштеген кафе буздурулууда

Жумгалда уруксат документтери жок иштеген кафе буздурулууда

Нарын облусунун Жумгал районунда Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун боюнда уруксат документтери жок иштеп келген коомдук тамактануу жайы буздурулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы тарабынан жол боюндагы тейлөө объектилерин мыйзамсыз жайгаштырууга жол бербөө максатында

Кадамжайда 7 чакырымдык Охна сайынын нугу тазаланып жатат

Кадамжайда 7 чакырымдык Охна сайынын нугу тазаланып жатат

Кадамжай районунун Бостон, Жоо-Кесек, Кара-Кечүү жана Учкун айылдарында Охна сайынын нугу тазаланып жатат. Бул тууралуу аймактык жетекчиликтин басма сөз кызматы билдирди. Жалпы узундугу 7000 метр болгон сайдын нугунан чогулган ылай, таштанды жана агымга тоскоол болгон башка нерселер тазаланып, суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылып жатат. Маалыматка ылайык, тазалоо иштери сел

Ош облусунда 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды

Ош облусунда 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды

Ош облусунда Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын бузган 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка ылайык, УКМК ички иштер органдары менен биргеликте миграциялык мыйзам бузууларды аныктоо жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында "Нелегал" аталышындагы рейддик иш-чараларды өткөргөн.