Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри кармалды

Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри кармалды

УКМК мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы жана мекемелердеги коррупцияга каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы социалдык объекттин курулушунда мыйзам бузууларга жол берилген фактыларды аныктады. 

УКМКнын маалымат кызматынын айтымына караганда, Кара-Көл шаарынын мэриясынын кызмат адамдары тарабынан 2024–2025-жылдары Кара-Көл шаарынын 7-кичирайонунда шаардагы турак жайга муктаж болгон 32 үй-бүлөнүн жашоосуна ылайыкталган көп батирлүү турак үйдүн курулушу аяктаган.

Аталган объект мурда Кара-Көл шаарынын мэриясынын балансында болуп, пайдаланууга жараксыз абалда тургандыктан көп убакыт пайдаланылбай келген.
Тактап айтканда, курулуш жана жасалгалоо иштерине тендер өткөрүү тартибинде, ошондой эле курулуш нормалары жана эрежелери боюнча көзөмөлдөөдө жана атайын техникалык корутундуларды даярдоодо мыйзам бузууларга жол берилген. 
Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 9 миллион 985 миң 400 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды. 

Чогултулган материалдардын негизинде (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында төмөнкү адамдар кармалды: О.Н.О. – Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри, К.М.С. – Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы, М.А.А. – Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын курулуш боюнча мурдагы адиси, И.М.А. – курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүүгө жооптуу адис.

Аталган адамдар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

 

 

 

 

 

 

 

 


 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Касан унаа жолунун быйылкы жылга пландалган 5,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жол куруу иштери №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, курулуштун сапат талаптарын сактоо менен жүргүзүлдү. Аталган жолдун жалпы 12 чакырымына

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы шаардагы көп кабаттуу турак жайга текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Байзаков көчөсү, 46 дарегинде курулуп жаткан объектте өткөрүлүп, техникалык талаптардын бузулганы аныкталды. Белгиленгендей, курулуш иштери бекитилген долбоордук документациядан четтөө менен жүргүзүлгөн. Ошондой эле

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

6-7-август күндөрү Ош шаарында Дүйнөлүк банктын каржылоосунда министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан "Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында Өндүрүмдүү өнөктөштүк комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев жана Комитеттин мүчөлөрү катышты. Көчмө жыйындын

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

12-августта саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин 10-кичирайондун бир бөлүгүндөгү турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, суу менен жабдуунун убактылуу токтотулушу 10-кичирайондогу откананын суу