Лотереянын жеңүүчүлөрүн алдап акча алуу максатында телефон чалган шылуундар пайда болду – Салык кызматы

Лотереянын жеңүүчүлөрүн алдап акча алуу максатында телефон чалган шылуундар пайда болду – Салык кызматы
Photo by Growtika / Unsplash

Салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын биринчи этабынын жеңүүчүлөрүнө алдоо жолу менен акча алуу максатында телефон чалуу боюнча алдамчылык фактылары тууралуу эскертет. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Лотереянын жеңүүчүлөрүнө телефон чалып, өздөрүн Салык кызматынын кызматкери же лотереянын оператору деп тааныштырып, куттуктап, утуп алган байгени алуу үчүн акча которууну суранган шылуундар пайда болду.

«Мамлекеттик салык кызматы лотереянын катышуучулары утуп алган байгелер толугу менен бекер берилерин жана эң негизгиси, алар мамлекеттик лотерея болгондуктан салык салынбай турганын билдирет. Ушуга байланыштуу, лотереянын жеңүүчүлөрүн сак болууга жана алдамчыларга ишенбөөгө чакырабыз. Эгер ушундай чалуу болсо, укук коргоо органына кайрылууңузду суранабыз», - деп билдирүүдө белгиленди.

Учурда ведомстволор аралык көз карандысыз комиссия лотереянын жеңүүчүлөрүн лотереянын шарттарына жана талаптарына жооп беришин текшерип жатат.

Текшерүү аяктагандан кийин салык кызматкерлери жеңүүчүлөрдү сыйлыктарды алуу үчүн негиз болгон сертификаттарды тапшыруу аземине чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”