Ошто акча алмашу бюросуна 55 миң сом айып пул салынды

Ошто акча алмашу бюросуна 55 миң сом айып пул салынды

Улуттук банктын Ош областык башкармалыгы акча алмашу бюросуна 55 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, айып пул Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн салынган.

Ошондой эле, Ош шаарынын жараны (Т.М.Б.) лицензиясыс нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн 17.5 миң сом өлчөмүндө айып пул салды.

Мындан тышкары окуңуз

Москвадагы өрттүн кесепетинен 3 кыргызстандык каза тапты

Москвадагы өрттүн кесепетинен 3 кыргызстандык каза тапты

28-апрелде Москва шаарында курулуп жаткан имараттан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 3 кыргызстандык да каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди. Бул окуяга байланыштуу министрликтин жана элчиликтин кызматкерлери тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Эскерте кетсек, Орусиянын тергөө кызматы өрттөн жалпы 8 жумушчу каза болгонун билдирип, 12 адам жабыркаганын, 31 адамды куткарып калууга

Мыйзамсыз алынып келе жаткан 1 млн сомдук товарлар аныкталды

Мыйзамсыз алынып келе жаткан 1 млн сомдук товарлар аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери өлкөнүн аймагына тиешелүү коштомо документтери жок ар кандай товарларды мыйзамсыз ташып кирүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө пунктунда жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө автотетиктерди, электр шаймандарын жана башка буюмдарды алып келе жаткан жүк ташуучу унаа аныкталды. Жүктү

Жогорку Кеңеш Жарандык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү 3-окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш Жарандык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү 3-окууда кабыл алды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору 3-окууда жактырылып, кабыл алынды. Мыйзам долбоору боюнча баяндама менен Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Жаныбек Абиров баяндама жасады. Эл өкүлүнүн айтымында, долбоордун негизги максаты жарандык мамилелерди өркүндөтүү, исламдык каржылоонун инструменттерин колдонуу

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлуп, Президенттин иш башкармалыгына кошулду

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлуп, Президенттин иш башкармалыгына кошулду

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлуп, Президенттин иш башкармалыгына кошулду. Мындан ары санариптик саясатты координациялоо толугу менен Президенттин иш башкармалыгына жүктөлөт. Маалыматка караганда, өлкөдө санариптештирүү боюнча жетишкендиктер бар болгону менен, айрыкча бизнес үчүн бюрократиялык тоскоолдуктар сакталууда. Ошондой эле аймактарда санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жетишсиз экени айтылат. Жаңы