Энергетика министри күз-кыш мезгилине өз убагында даяр болуш керектигин талап кылды

Энергетика министри күз-кыш мезгилине өз убагында даяр болуш керектигин талап кылды

Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана ЖКнын депутаты Сулайманов Кундузбек иш сапарлары менен түштүк ГЭСтеринде болуп, алдыдагы күз-кыш мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүүнү тапшырышты. Бул тууралуу министрлик маалымдады.

Иш сапардын жүрүшүндө аткаминерлер Токтогул ГЭСинин №2 гидроагрегатын реконструкциялоонун жүрүшү жана Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушуна инфраструктураны даярдоонун жүрүшү, ошондой эле компаниянын объектилерин алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдоосу менен таанышты.

Тактап айтканда, №2 курулушу бүтө элек транспорттук тоннелдин жана Бишкек-Ош унаа жолунун Камбар-Ата ГЭСинин №2 уячасына чейинки курулушунун жүрүшү менен таанышып, министр тоннелдин курулушун сапат стандарттарын жана мөөнөттөрүн сактоо менен тездетүүнү тапшырды.

Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу менен таанышып, Камбар-Ата ГЭСинин №1 уячасынын аймагындагы оң жана сол жээктердеги иштерди тез арада баштоону тапшырышты.

№2 гидроагрегатынын реконструкциясынын жүрүшү менен таанышуу максатында министр Токтогул ГЭСине барды. Иш сапардын жыйынтыгында «Электр станциялары» ААКга аткарылган иштердин сапатын дыкат көзөмөлгө алуу жана реабилитациялык иштердин шарттарын сактоо тапшырылды.

Иш сапардын алкагында ЖКнын депутаты К.Сулайманов жана энергетика министри Т.Ибраев Токтогул ГЭСинин жана Камбар-Ата ГЭСинин 2 административдик имаратында да болушту. Жолугушууда ага негизги техникалык көрсөткүчтөр жана пландар тууралуу маалымат берилди.

Андан ары, министр Шамалды-Сай ГЭСинин абалы, №1 гидроагрегатты оңдоонун (капиталдык оңдоо) жүрүшү менен таанышты.

Ошондой эле, министр Таалайбек Ибраев ГЭСтин учурдагы оңдоо иштери жана КТКГЭС филиалынын өздүк курамынын санитардык-турмуштук абалы менен таанышты. Ошону менен бирге ал Үч-Коргон ГЭСинин станок-станциясынын асма кранын калыбына келтирүү иштерин текшерди.

Жумуш сапарынын соңунда, КР Энергетика министри Т.Ибраев алдыдагы күз-кыш мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөнүн IT тармагынын бир жылдык кирешеси 17 млрд сомду түздү

Өлкөнүн IT тармагынын бир жылдык кирешеси 17 млрд сомду түздү

Жогорку технологиялар паркы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча резидент компаниялардын жалпы кирешеси 17,1 млрд сомду түзгөнүн билдирди. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 50%га көп. Аталган мекеменин резиденттеринин экспорту 2025-жылы 16,3 млрд сомду түзүп, бул жалпы кирешенин 95,3%ын түзөт. Салыштырмалуу, 2024-жылы экспорт 10,67 млрд сомго жетип, жалпы кирешенин 93,

Криптовалюта рыногу бюджетке 701,9 млн сом алып келди

Криптовалюта рыногу бюджетке 701,9 млн сом алып келди

Өткөн жылы Кыргызстандын виртуалдык активдер рыногунан бюджетке 701,9 миллион сом салык түрүндө түшкөнүн Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирди. Салыктын негизги бөлүгүн виртуалдык актив кызмат көрсөтүүчүлөрү — алмашуу жайлары жана криптобиржалар камсыз кылган. 2025-жылы алар 495,76 млн сом төлөшкөн, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн дээрлик эки эсе көп.

Кыргызстан криптовалюта рыногунун жүгүртүүсү 31 млрд доллардан ашты

Кыргызстан криптовалюта рыногунун жүгүртүүсү 31 млрд доллардан ашты

Өткөн жылы виртуалдык активдер рыногундагы жалпы жүгүртүү 31 млрд доллардан ашканын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын отчетунда айтылат. 2025-жылы крипторыноктогу операциялардын көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу үч эсеге өскөн. Ал эми мыйзамдуу сектор жаңыдан калыптана баштаган 2022-жылы жүгүртүү болгону 8 млн долларды түзгөн. Транзакциялардын жалпы саны 2,1 миллиондон ашкан.

Эттин баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Эттин баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин 2026-жылдын 30-январындагы №3 «КРнын аймагында этке болгон бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» буйругун аткаруу каралууда. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына ылайык, аталган кызматтын аймактык бөлүмдөрү тарабынан тийиштүү максималдуу баалар белгиленди: Аймактар Уй эти Кой эти Бишкек шаары 720 сом 710 сом Чүй