Борбор калаанын «Көк-Жар» суу алгычы бир күндө оңдолду

Борбор калаанын «Көк-Жар» суу алгычы бир күндө оңдолду

Борбор калаанын мэриясы «Көк-Жар» суу алгычында пландалган оңдоо иштерин тез арада бүтүрдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, «Бишкексууканал» башкармалыгынын командасы эки күнгө пландалган чоң көлөмдөгү иштерди бир күндүн ичинде бүткөрдү.

Ошентип, резервуарлар дезинфекцияланып, шаардык суу түтүктөрүндө керектүү оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бул иш-чаралардын натыйжасында ичүүчү суунун оптималдуу сапаты жана суу менен камсыздоо тутумунун ишенимдүү иштеши камсыз кылынат.

Аткарылган иштердин жыйынтыгында 12-июль эртең менен шаардын бардык аймагына, анын ичинде Арча-Бешик конушуна таза суу туруктуу бериле баштайт.

Мындан тышкары окуңуз

ОСАГОну жаңыртууга убакыт келди: BAKAI Камсыздандыруудан 30% кешбэкти нак акча түрүндө алыңыз

ОСАГОну жаңыртууга убакыт келди: BAKAI Камсыздандыруудан 30% кешбэкти нак акча түрүндө алыңыз

BAKAI Камсыздандыруу ОСАГО үчүн нак акча түрүндө берилүүчү 30% жогорулатылган кешбэк акциясын 2026-жылдын аягына чейин узартты. Полисти тариздөө же жаңыртуу үчүн BAKAI мобилдик банкын колдонуп онлайн арыз берип, ОСАГОнун наркынын 30 пайызын картаңызга дароо кайтарып алыңыз. Мисалы: ✔️ полистин баасы – 1 680 сом ✔️ кешбэк – 504 сом ✔️ акча төлөм жүргүзүлгөндөн кийин

Ош шаарында эл аралык мотожүрүш өтөт

Ош шаарында эл аралык мотожүрүш өтөт

30-июлда Ош шаарындагы борбордук аянтта  "Көчмөн жолу" аттуу эл аралык мотожүрүш өтөт. Иш-чаранын салтанатуу ачылышы  саат 15:30да башталат. Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, мотожүрүш VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналып уюштурулууда. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Орусиядан келген 150гө жакын адам катышат. Алар өз өлкөлөрүнүн

65 млн сомго бааланган жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

65 млн сомго бааланган жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Тоң районунда мыйзамсыз берилген 47 га ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Тоң районунун Улахол, Ак-Терек жана Күн-Чыгыш айыл аймактарына караштуу жалпы 47,84 га айыл чарба багытындагы жер

Баткендин аймагында жазгы санакта 4 миңден ашык суур катталды

Баткендин аймагында жазгы санакта 4 миңден ашык суур катталды

Баткен облусунда суурлардын жазгы санагы ийгиликтүү аяктап, жалпы 4 146 даана суур катталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликтин Баткен регионалдык башкармалыгынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн адистери тарабынан жүргүзүлгөн санак жапайы жаныбарлардын санын, таралышын жана популяциясынын абалын аныктоо максатында өткөрүлдү.