Баткендин аймагында жазгы санакта 4 миңден ашык суур катталды

Баткендин аймагында жазгы санакта 4 миңден ашык суур катталды

Баткен облусунда суурлардын жазгы санагы ийгиликтүү аяктап, жалпы 4 146 даана суур катталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликтин Баткен регионалдык башкармалыгынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн адистери тарабынан жүргүзүлгөн санак жапайы жаныбарлардын санын, таралышын жана популяциясынын абалын аныктоо максатында өткөрүлдү.

Санактын жыйынтыгында Баткен облусунун 188 512,2 гектар аянтында 759 даана суур эсепке алынса, "Сурма-Таш" мамлекеттик жаратылыш коругунун 66 194,4 гектар аймагында 3 387 даана суур катталган.

Адистердин белгилешинче, мындай байкоо иштери жаныбарлар дүйнөсүнүн абалына туруктуу көз салууга жана аймактын биотүрдүүлүгүн сактоо боюнча иш-чараларды натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түзөт.

Министрлик өлкөнүн фаунасын коргоо, жапайы жаныбарлардын табигый жашоо чөйрөсүн сактоо жана алардын санын көзөмөлдөө боюнча иштер мындан ары да улантыларын маалымдады.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жыл башынан бери 20 этникалык кыргыз кайрылман макамын алды

Бишкекте жыл башынан бери 20 этникалык кыргыз кайрылман макамын алды

Жыл башынан бери 20 этникалык кыргызга кайрылман күбөлүгү тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган мекеме жарандарга "Тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" мыйзамдын негизинде кайрылман макамын берген. Күбөлүктү алган этникалык кыргыздардын ичинен 12си Тажикстандан, алтоо Кытайдан,

Таласта мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшү жаңыланууда

Таласта мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшү жаңыланууда

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын утурлай Талас шаарында 70 көп кабаттуу үйдүн жана мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшүн оңдоо жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул иштер президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүп, керектүү каражат Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн. Учурда оңдоо иштери пландын негизинде уланууда. Президенттин Талас

Кытайлык инвесторлор менен жаңы долбоорлор талкууланды

Кытайлык инвесторлор менен жаңы долбоорлор талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов China Construction Fifth Engineering Division Corp., Ltd. (CSCEC 5th Bureau) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, тараптар компаниянын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн, учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жүрүшүн жана инвестициялык-инфраструктуралык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жолугушууда курулуш жана инфраструктура тармагына

Кыргызстан менен Орусия эмгек миграциясынын жаңы механизмдерин талкуулады

Кыргызстан менен Орусия эмгек миграциясынын жаңы механизмдерин талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Кыргызстандын жетекчилиги менен Россия Федерациясынан келген өкүлчүлүктүү делегациянын жолугушуусу өттү. Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда эмгек миграциясын жөнгө салуу, жарандарды кесиптик даярдоо, ошондой эле мигранттардын социалдык жана маданий адаптациясын камсыз кылуу маселелери талкууланды. Министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов эки өлкөнү бекем достук жана стратегиялык