Туристтер үчүн жети облуста 120 ашык санарип QR-коддору иштелип чыкты

Туристтер үчүн жети облуста 120 ашык санарип QR-коддору иштелип чыкты

Туризм департаменти эл аралык өнөктөш ACTED жана TİKA уюму менен биргеликте жети облуста 120дан ашык санарип QR - коддору менен санариптик туристтик көрсөткүчтөрдү иштеп чыкты. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда санариптик туристтик көрсөткүчтөр жергиликтүү бийлик тарабынан жер-жерлерде монтаждоо, орнотуу иштерин жүргүзүү үчүн аймактарга өткөрүлүп берилүүдө. QR-кодду сканерден өткөрүп, туристтик жай жөнүндө, анын кыскача тарыхы, архитектуралык өзгөчөлүктөрү, саякаттоо маршрутун мерчемдөө жана башкалар жөнүндө маалымат алууга болот.

QR-коддор туристтерге керектүү маалыматты түздөн-түз мобилдик телефондон алууга мүмкүндүк берет жана туристтик жайларга барууга ыңгайлуу кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Канттагы таштанды жайдан өрт чыкты

Канттагы таштанды жайдан өрт чыкты

Интернет булактарына жарыяланган маалыматка карата чара көрүлдү. 18-июнда бир катар маалымат агенттиктеринде Чүй облусунун Кант шаарындагы таштанды талаасында өрт чыгып, кооптуу жагдайды жаратып жаткандыгы боюнча маалымат тараган.  Жаратылыш ресурстары министрилигинин маалыматына ылайык, аталган факты боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгынын тескөөчүлөрү тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Анын

Садыр Жапаров жана Байрам Бегай этномаданий программа менен таанышышты

Садыр Жапаров жана Байрам Бегай этномаданий программа менен таанышышты

Президент Садыр Жапаров жана Албаниянын президенти Байрам Бегай 19-июнда, анын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында сунушталган этномаданий программа менен таанышышты. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, иш-чара Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Номад” амфитеатрында өттү. Мамлекет башчыларын төкмө акындар тосуп алып, кыргыз элинин музыкалык жана поэтикалык өнөрүнүн байлыгын

Манас шаарындагы катуу шамалдан эки киши жабыркады

Манас шаарындагы катуу шамалдан эки киши жабыркады

Манас шаарында 18-июнда катталган катуу шамалдын кесепетинен төрт дарак сынып, эки адам жабыркады. Жабыркаган адамдардын абалы канааттандырарлык экени маалымдалды. ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, катуу шамалдан 7 көп кабаттуу турак үйдүн чатыры жабыркаган. Ошондой эле нөшөрлүү жамгырдын айынан 8 турак үйдүн короосун суу каптаган. Окуя болгон жерге Өзгөчө

Ысык-Көлдө энергетиктерге 5 даана атайын техника тапшырылды

Ысык-Көлдө энергетиктерге 5 даана атайын техника тапшырылды

Ысык-Көл электр тармактары ишканасына 5 даана жаңы атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунда энергетикалык тармактын материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери улантылууда. Анын негизинде аталган ишкананын техникалык паркы 5 даана жаңы атайын техника менен толукталып, райондук бөлүмдөрүнө жана тиешелүү кызматтарга бөлүштүрүлдү. Тактап айтканда,