Жалал-Абаддагы ооруканасы октябрда курулуп бүтөт – долбоордун сметасы 251.3 млн сом

Жалал-Абаддагы  ооруканасы октябрда курулуп бүтөт – долбоордун сметасы 251.3 млн сом

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилерге барды. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Такталгандай, Жапаров Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык оорукананын кошумча имаратынын курулушу менен таанышты. Оорукананын имаратын курууга 251.3 млн сом бөлүнгөн, курулушту 2023-жылдын октябрына чейин бүткөрүү пландалууда.

Андан ары Министрлер Кабинетинин Төрагасы Жалал-Абад шаарындагы Пушкин көчөсүн реконструкциялоо иштери жүрүп жаткан жерге барды.

Узундугу 1 920 чакырымды түзгөн бул көчөнү реконструкциялоого 70.3 млн сом керектелет, оңдоо иштеринин жүрүшү 2023-жылдын 1-августуна чейин бүткөрүлөт.

Мындан тышкары, минкаб төрагасы Жалал-Абад шаарындагы №1 мектептин кошумча имаратынын курулушу менен таанышты. Учурда курулуш 80% бүтүп, республикалык бюджеттен 79.4 млн сом бөлүнгөн.

Жумушчу сапарынын соңунда министрлер кабинетинин башчысы Жалал-Абад шаарындагы Железнодорожная көчөсүндөгү облустук кургак учукка каршы диспансеринин жаңы имаратынын курулушу менен таанышты.

Жаңы имараттын курулушуна республикалык бюджеттен 356 млн сом бөлүнгөн, курулушту 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адам катары акшлык Илон Маск турат. Анын бүгүнкү күндө 957 млрд долларлык байлыгы бар. Илон Масктан кийинки экинчи бай адам катары акшлык Лари Пейдж эсептелет. Ларри Пейдж Google компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси болуп саналат. Анын жалпы байлыгы 304 млрд долларды түзөт. 3-орунда 283 млрд доллар

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Баткен облусунун Зардалы айылында заманбап турак жайлар курулат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, мурда жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат. Зардалы айылында акыркы жылдары электр энергиясы тартылып, уюлдук байланыш жана интернет ишке киргизилген, ошондой

КРдагы банктар 4 айда  9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРдагы банктар 4 айда 9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРнын Улуттук банкы өлкөнүн банк секторунун 2026-жылдын 30-апрелине карата өнүгүү тенденцияларын жарыялады. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган жана алардын тапкан таза кирешеси 9,5 млрд сомго жеткен. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, банк системасынын жалпы активдери төрт ай ичинде 28,

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

24-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда Досматов Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо жаатында эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келерин белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосуна ыраазычылык билдирди.