Август айынан баштап электрондук колтамганы Liveness аркылуу алса болот

Август айынан баштап электрондук колтамганы Liveness аркылуу алса болот

2023-жылдын 1-августунан 2024-жылдын 1-августуна чейин кыргызстандыктар үчүн булуттук электрондук колтамганы аралыкта туруп алуу мүмкүнчүлүгүн жайылтуу боюнча пилоттук долбоор жүргүзүлөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Министрлик онлайн режиминде БЭК кантип алууга болорун айтып берди:

• мобилдик тиркеменин жардамы менен реалдуу убакыт режиминде Liveness технологиясын колдонуу аркылуу Face ID сервисинен идентификациялоо жол-жобосунан өтүү (Liveness – Бетти таанууну колдонуу менен пайдалануучуларды ишенимдүү биометрикалык идентификациялоо үчүн алдамчылык аракеттеринен коргоо технологиясы);

• идентификациядан ийгиликтүү өткөн учурда арыз ээси байланыш телефонунун номерин жана электрондук почтанын дарегин киргизет, андан ары «булуттук» технологиялары аркылуу түзүлгөн электрондук колтамганын ачкычтары менен иштөө үчүн пин-коддор жөнөтүлөт;

• көрсөтүлгөн жол-жоболорду аяктоо үчүн «Инфоком» МИнин күбөлөндүрүүчү борбору тарабында автоматтык режимде «булуттук» технологиялары аркылуу түзүлгөн электрондук колтамга ачкычтарын генерациялоо жана берүү жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрү энергетика маселесин талкуулашты

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрү энергетика маселесин талкуулашты

Бүгүн Бишкек шаарында Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын энергетика тармагына жооптуу мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кезектеги кварталдык жумушчу жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигенен билдиришти. Жыйынга энергетика министри Таалайбек Ибраев, “КУЭТ” ААКнын башкы директору И. Сыдыгалиев, “Электр станциялар” ААКнын башкы директору А. Садыров жана министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Бишкекте жашыл өсүмдүктөр зыянкечтерге каршы дарыланат

Бишкекте жашыл өсүмдүктөр зыянкечтерге каршы дарыланат

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы борбор калаадагы жашыл өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоо максатында комплекстүү дары чачуу иштери жүргүзүлөрүн билдирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чаралар 25-апрелден тартып башталып, 15-майга чейин уланат. Бул иштер Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти менен биргеликте аткарылууда. Дары чачуу негизинен түнкү убакта жүргүзүлөт. Мындай

Жыргалаң курортунда 3 миң карагай көчөтү отургузулду

Жыргалаң курортунда 3 миң карагай көчөтү отургузулду

Ак-Суу районунда жайгашкан "Жыргалаң" лыжа курортунун аймагында ишембилик уюштурулуп, ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ачык акционердик коому маалымдады. Иш-чаранын алкагында курорттун 3,5 гектар аянты жашылдандырылып, жалпысынан 3000 даана ийне жалбырактуу көчөт тигилди. Демилге аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга жана жаратылышты коргоого багытталган.

"Менин шаарым" тиркемеси Бишкектеги самокаттарга көзөмөлдү күчөтөт

"Менин шаарым" тиркемеси Бишкектеги самокаттарга көзөмөлдү күчөтөт

Бишкек шаарында туура эмес токтотулган же ташталып кеткен электрсамокаттарга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү дагы да жеңилдеди. Эми шаар тургундары мындай учурлар боюнча түздөн-түз "Менин шаарым" мобилдик тиркемеси аркылуу кайрылуу жөнөтө алышат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Бул тиркеме бүгүнкү күндө шаар тургундары, муниципалдык кызматтар жана самокаттарды ижарага берүүчү компаниялар ортосундагы