Чүй менен Бишкекте спирт ичимдиктерин чыгаруучу жашыруун цехтердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Чүй менен Бишкекте спирт ичимдиктерин чыгаруучу жашыруун цехтердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

УКМК жана Алкоголдук продукцияларды чыгарууну контролдоо боюнча мамлекеттик агентство менен биргеликте 2023-жыдын 18-июлунда контрафакттык алкоголдук продукцияларды чыгаруу боюнча жашыруун цехтердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Такталгандай, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы даректер боюнча, ошондой эле Ош базарындагы «Берекет универсал» соода түйүндөрүндөгү тинтүүнүн натыйжасында ар кандай көлөмдөгү 3 миң 350 литрди түзгөн 16 миң 900 бөтөлкө жасалма алкоголдук ичимдиктер (арак, коньяк, виски жана текила) табылды.

Ошондой эле, 350 литр этил спирти, 2000ден ашык жасалма акциздик маркалар, этикеткалар, контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди чыгаруучу машиналар, спиртти өндүрүү үчүн колдонулган атайын түзүлүштөр жана башка компоненттер табылган.

Белгилеп кетсек, курамында спирт бар продукциялар санитардык-техникалык жана медициналык нормаларды сактабастан, колго жасоо ыкмасы менен өндүрүлгөн, бул керектөөчүлөрдүн ден соолугуна зыян келтирет, ошондой эле республиканын генофондуна коркунуч келтирет. Мындан тышкары, бул продукцияларды өндүрүү жана сатуу тиешелүү акциздик жана салыктык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу түрүндө экономикага олуттуу зыян келтирүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Жер титирөөгө байланыштуу социалдык объектилердин техникалык абалы текшерилди

Жер титирөөгө байланыштуу социалдык объектилердин техникалык абалы текшерилди

29-майда Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча саат 14:15те Жалал-Абад аймагында күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Сары-Булак айылынан 10 чакырым, ал эми Казарман айылынан 27 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мындан улам Курулуш, архитектура жана

Манасбек Самидинов кайрадан "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын төрагасы болуп шайланды

Манасбек Самидинов кайрадан "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын төрагасы болуп шайланды

29-майда "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын жылдык жалпы жыйыны өтүп, коомдун башкаруу органдарынын жаңы курамы бекитилди. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жыйындын жыйынтыгында Манасбек Самидинов кайрадан башкармалыктын төрагасы болуп шайланды. Ошондой эле башкармалыктын жана директорлор кеңешинин жаңыланган курамы бекитилди. Директорлор кеңешинин төрагалыгына Мирлан Конурбаев шайланды. Мындан

Ошто 3 ай аралыгында 560 миңден ашуун гүл отургузулган

Ошто 3 ай аралыгында 560 миңден ашуун гүл отургузулган

30-майда Ош шаарында “Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыктын” жыйынтыгын чыгарууга арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык Кеңештин төрагасы Болотбек Баетов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, коомчулук өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, Президент Садыр Жапаровдун

Пионер көлүн калыбына келтирүү иштери башталды

Пионер көлүн калыбына келтирүү иштери башталды

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы алдыдагы сууга түшүү сезонуна даярдык көрүү алкагында Пионер көлүн калыбына келтирүү жана ага чектеш аймактарды комплекстүү көрктөндүрүү иштерин баштады. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө объектте 8 даана атайын техника тартылган: 3 экскаватор жана 5 HOWO үлгүсүндөгү оор жүк