Бишкекте кайрадан суу өчүрүлөт – даректер

Бишкекте кайрадан суу өчүрүлөт – даректер
Photo by Mike Dudin / Unsplash

2023-жылдын 25-июль саат 08:00дөн 26-июль саат 09:00го чейин Бишкектин бир нече аймагында суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, турак-жай имараттарында, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине жана өнөр жайга ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы:

• Ахунбаев, 7-апрель, Горький, Белорусская - Шүкүров көчөлөрү;

• 7-апрель, Анкара, Октябрь көчөлөрү, ЧЧК;

• Шоокум, Коңорчок, Көк-Жар, 7-апрель көчөлөрү.

Ичүүчү суу  11-кичирайондун Д-500мм суу өткөргүчүндөгү профилактикалык  оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт. Буга байланыштуу «Көк-Жар», «Улан-1», «Улан-2» кичи райондорунда муздак суу убактылуу токтотулат.

«Бишкексууканал» башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Пакистан соода-экономикалык  долбоорлорду ишке ашырат

Кыргызстан менен Пакистан соода-экономикалык долбоорлорду ишке ашырат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Пакистандын Лахор шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулу менен жолугушту. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды. Пакистан тарап Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, артыкчылыктуу тармактары жана инвесторлор үчүн каралган мамлекеттик колдоо чаралары менен таанышты. Равшанбек Сабир

“Кыргыз Петролеум Компаниясын” жаңылоого 409,9 млн доллар каралган

“Кыргыз Петролеум Компаниясын” жаңылоого 409,9 млн доллар каралган

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Манас шаарында өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май маселелерине байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана мунай менен иш алып барган бир катар жеке компаниялардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, отурумда негизинен “Кыргызнефтегаз”

Чүйдөгү үрөндүк аянттардын абалына баа берилет

Чүйдөгү үрөндүк аянттардын абалына баа берилет

Чүй облусунун үрөнчүлүк чарбаларында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сапатын баалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Текшерүү иштерин Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин адистери жүргүзүп, үрөнчүлүк чарбалардын ишмердүүлүгү жана мамлекеттик талаптардын сакталышы көзөмөлгө алынууда. Учурда Чүй

Прокурор, Ташиев, Зулушев, Шакиевди 9 жыл абакка кесүүнү сурады

Прокурор, Ташиев, Зулушев, Шакиевди 9 жыл абакка кесүүнү сурады

29-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана “75тин иши” деп аталган процесстин башка катышуучуларынын ишин маңызы боюнча соттук отурум болуп өттү.   Белгилей кетсек, буга чейинки отурумда төрагалык кылуучу Азирет Медеров соттук отурум