Таластын бардык отканаларында күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери кызуу жүрүүдө

Таластын бардык отканаларында күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери кызуу жүрүүдө

2023-2024 күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү иштеринин алкагында Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы филиалындагы бардык отканаларында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Таластын мэриясы билдирди.

Анын жүрүшүндө отказандардын жарактан чыккан тетиктери алмаштырылып, сырдалууда.

Бүгүнкү күндө «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын каржылоосу менен Талас шаарындагы мазут отуну менен иштеген №1 отканага буу бөлүп чыгаруучу кичи отказан орнотулду.

Аталган отказан көмүр отуну менен иштеп, көмүрдү аз керектейт.   Ошондой эле ыкчам буу чыгарып, мазутту суюк абалга келтирүү функциясына ээ.

Мындан тышкары окуңуз

65 млн сомго бааланган жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

65 млн сомго бааланган жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Тоң районунда мыйзамсыз берилген 47 га ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Тоң районунун Улахол, Ак-Терек жана Күн-Чыгыш айыл аймактарына караштуу жалпы 47,84 га айыл чарба багытындагы жер

Баткендин аймагында жазгы санакта 4 миңден ашык суур катталды

Баткендин аймагында жазгы санакта 4 миңден ашык суур катталды

Баткен облусунда суурлардын жазгы санагы ийгиликтүү аяктап, жалпы 4 146 даана суур катталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликтин Баткен регионалдык башкармалыгынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн адистери тарабынан жүргүзүлгөн санак жапайы жаныбарлардын санын, таралышын жана популяциясынын абалын аныктоо максатында өткөрүлдү.

Чолпон-Атадагы Ч.Айтматов атындагы аллеясы оңдолду

Чолпон-Атадагы Ч.Айтматов атындагы аллеясы оңдолду

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы аллеяда капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, капиталдык оңдоонун алкагында жалпы узундугу 3600 чакырым, туурасы 7 метр болгон аллея толугу менен жаңыланды. Курулуш иштеринин жүрүшүндө жолдун кеңейтилген бөдүгүндө калыңдыгы 6 сантиметрге чейин аң-чөнөктөрдү

Улуттук банк валюта рыногунда ири интервенция жасады

Улуттук банк валюта рыногунда ири интервенция жасады

Улуттук банк 2026-жылдын башынан бери валюта рыногунда эң ири интервенция жүргүзүп, 222,55 млн $ сатты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, интервенция 29-июнда жүргүзүлгөн. Бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен 66,3 млн $, ал эми бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 156,25 млн $ сатылган. Кезектеги интервенция Улуттук банктын жыл