Улуттук банк валюта рыногунда ири интервенция жасады

Улуттук банк валюта рыногунда ири интервенция жасады

Улуттук банк 2026-жылдын башынан бери валюта рыногунда эң ири интервенция жүргүзүп, 222,55 млн $ сатты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, интервенция 29-июнда жүргүзүлгөн.

Бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен 66,3 млн $, ал эми бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 156,25 млн $ сатылган.

Кезектеги интервенция Улуттук банктын жыл башынан берки сегизинчи жана эң ири интервенциялардын бири болуп калды. Буга чейин Улуттук банк төмөнкү көлөмдө валюталарды саткан:

8-июнда – 170,2 млн $;
16-апрелде – 168 млн  $;
30-мартта – 178,9 млн  $;
10-мартта – 140 млн  $;
26-февралда – 162,55 млн $;
6-февралда – 109,95 млн $;
19-январда – 134,05 млн  $.

Улуттук банкынын маалыматы боюнча, өткөн жылы жана быйыл дагы рынокто валюта сатып алуулар жүргүзүлгөн эмес, болгону сатуулар гана болуп жатат.

Эске салсак, 2025-жылы Улуттук банк жалпысынан сегиз валюта интервенциясын жүргүзүп, 853 млн $ саткан.


Белгилей кетсек, Улуттук банк валюта интервенцияларын ички валюта рыногундагы кескин серпилүүлөрдү жумшартуу жана улуттук валютанын курсунун туруктуулугун камсыздоо максатында жүргүзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media