Сокулук району ичүүчү таза суу менен камсыз болот

Сокулук району ичүүчү таза суу менен камсыз болот

Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында маанилүү долбоор башталып, анын расмий бет ачары 24-июлда болду. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүк билдирди.

Долбоор «Ихсан Хайрия» кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосунун, биргелешкен аракетинин натыйжасы болду. Тагыраагы, жергиликтүү бюджеттен 600 миң сом бөлүнсө, калган каржылык жардамды фонд көтөрдү.

Долбоордун максаты - суу менен камсыздоо үчүн зарыл болгон инфраструктураны, анын ичинде суу мунарасын, резервуар, насосторду орнотуу, учурдагы суу менен камсыздоо системасынын бир бөлүгүн алмаштыруу.

Бул иштер бүткөрүлсө Солодовникова, Юбилейная, Южная, Жамбулатова, Советская, Киров, Симроад көчөлөрү таза ичүүчү суу менен камсыздалат. Мындан сырткары ар бир короого жекече суу эсептегичтер орнотулуп, сууну үнөмдүү пайдаланууга жана адилет бөлүштүрүүгө өбөлгө болот.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 150 млн долларлык 12 келишимге кол коюлду

Бишкекте 150 млн долларлык 12 келишимге кол коюлду

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосунда инвестициялык жана ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бизнес форум өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Форумдун алкагында жалпы суммасы 150 млн долларды түзгөн 12 инвестициялык жана соода келишимине кол коюлду. Алардын катарында меморандумдар жана макулдашуулар бар. Белгиленгендей, иш-чара мамлекеттик

Марлен Маматалиев айлыгы 54 миң сом экенин билдирди

Марлен Маматалиев айлыгы 54 миң сом экенин билдирди

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн өткөргөн маалымат жыйынында айлыгы 54 миң сомду түзөрүн, ал эми жалпы алган каражаты 80 миң сомдун тегерегинде экенин билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин төрагасынын фондусуна жыл сайын 30 миллион сом бөлүнөт. Бул каражаттын эсебинен жарандардын жана мекемелердин кайрылууларына жардам көрсөтүлүп келет.

Бишкектеги Абсамат Масалиев көчөсү жабылат

Бишкектеги Абсамат Масалиев көчөсү жабылат

Бишкек шаарында жөө өтмөк куруу иштерине байланыштуу Абсамат Масалиев көчөсү этап-этабы менен 10–15 күнгө убактылуу жабылат. Октябрь райондук админстрациясынын маалыматына ылайык, аталган тилкеде жөө өтмөк салуу боюнча курулуш-монтаж иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу жол кыймылы убактылуу чектелип, унаалар үчүн көчө этап-этабы менен жабылат. Шаардык мэрия, Бишкек шаарынын

Насыя алгандардын саны 12,4%га көбөйдү

Насыя алгандардын саны 12,4%га көбөйдү

Кыргызстандын банк тармагында жыл башынан бери негизги финансылык көрсөткүчтөр өсүп жатат. Улуттук банктын маалыматына ылайык, 30-апрелге карата өлкөдө 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иш алып барууда. Маалыматка ылайык, акыркы төрт айда банктардын жалпы активдери 28,6% көбөйүп, 1 триллион 558 миллиард сомго жеткен. Ошондой эле кардарларга берилген