Август айында Ошто 100 орундук бала бакча ачылат – курулуш 90%га аяктады

Август айында Ошто 100 орундук бала бакча ачылат – курулуш 90%га аяктады

«Амир-Тимур» муниципалдык аймактык башкармалыгында жаңы бала бакчанын курулушу дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Ош шаарынын мэри «Амир-Тимур» муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Ладовский көчөсүндө салынып жаткан 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу менен жеринен таанышты.

Мында курулуш иши 90%га бүтүп калган. Учурда бала бакчанын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, имараттын сыртын сырдоо, чарбалык курулуштарды уюштуруу боюнча ар тараптуу жумуштар жүргүзүлүүдө.

Бала бакчанын курулушу толугу менен август айынын башында аяктайт.

Мындан тышкары окуңуз

Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жол оңдоо иштерине байланыштуу Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде автотранспорт каражаттарынын кыймылы толугу менен убактылуу токтотулат. Бул убактылуу чектөө 17-июндан 18-июнга чейин күчүндө болот.

Инвестицияланган пенсиялык каражаттардан 3 млрд сомдон ашык киреше түштү

Инвестицияланган пенсиялык каражаттардан 3 млрд сомдон ашык киреше түштү

Социалдык фонд 2026-жылдын январь-май айларындагы Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун каражаттарын инвестициялоонун жыйынтыгын жарыялады. Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде жалпы 9 млрд 458 млн сом инвестицияланган. Анын ичинен 7 млрд 758 млн сом мамлекеттик баалуу кагаздарга, ал эми 1,7 млрд сом коммерциялык банктардагы депозиттерге жайгаштырылган. Инвестициялоонун жыйынтыгында жалпы киреше

“Бирдиктүү терезе” борбору: экспорт жана импортту тариздөө жеңилдеди

“Бирдиктүү терезе” борбору: экспорт жана импортту тариздөө жеңилдеди

Кыргызстанда ишкерлер үчүн тышкы соода операцияларын жүргүзүү эми мындан дагы ыңгайлуу болуп калды. “Бирдиктүү терезе” борбору экспорт жана импорт процессин жөнөкөйлөтүүгө багытталган санариптик кызматтарды сунуштап, документтерди тариздөө убактысын кыйла кыскартууда. Борбордун маалыматына ылайык, мурда ар кандай мамлекеттик мекемелерден маалымкаттарды чогултуп, бир нече инстанцияга кайрылуу талап кылынса, азыр бул кызматтар бирдиктүү

Кыргызстандагы негизги жолдордун жээктери тазаланат

Кыргызстандагы негизги жолдордун жээктери тазаланат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Таза коридор” урааны менен өлкөнүн негизги магистралдарынын жээктерин тазалоо боюнча масштабдуу мамлекеттик демилге көтөрүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн биилдиришти. МинКаб Төрагасы белгилегендей, акыркы жылдардагы саясий туруктуулуктун жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун аркасында Кыргызстан эл аралык деңгээлдеги эң жагымдуу туристтик багыттардын