“Бирдиктүү терезе” борбору: экспорт жана импортту тариздөө жеңилдеди

“Бирдиктүү терезе” борбору: экспорт жана импортту тариздөө жеңилдеди

Кыргызстанда ишкерлер үчүн тышкы соода операцияларын жүргүзүү эми мындан дагы ыңгайлуу болуп калды. “Бирдиктүү терезе” борбору экспорт жана импорт процессин жөнөкөйлөтүүгө багытталган санариптик кызматтарды сунуштап, документтерди тариздөө убактысын кыйла кыскартууда.

Борбордун маалыматына ылайык, мурда ар кандай мамлекеттик мекемелерден маалымкаттарды чогултуп, бир нече инстанцияга кайрылуу талап кылынса, азыр бул кызматтар бирдиктүү санариптик платформага бириктирилген. Натыйжада ишкерлер көпчүлүк документтерди онлайн режимде тариздеп, убакыт жана чыгымдарды үнөмдөй алышат.

“Бирдиктүү терезе” системасы экспорттук жана импорттук операцияларды жүргүзүүдө ачык-айкындуулукту камсыздап, мамлекеттик кызматтарды алуу жол-жоболорун жеңилдетүүгө багытталган.

Борбордун өкүлдөрү белгилегендей, жаңы мүмкүнчүлүктөр ишкерлерге документ иштерине убакыт коротпостон, бизнесин өнүктүрүүгө жана жаңы рынокторду өздөштүрүүгө көбүрөөк көңүл бурууга шарт түзөт.

Учурда кызматтарды онлайн пайдалануу үчүн ишкерлер connectq.trade.kg платформасы аркылуу каттала алышат. Санариптик чечимдердин киргизилиши өлкөдө соода жол-жоболорун модернизациялоого жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука районунда 26 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Ала-Бука районунда 26 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Ала-Бука - Караван жана Ала-Бука - Касансай автожолдорунун жалпы 26 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Ала-Бука - Караван автожолунун 14 чакырымына асфальт төшөө иштери толук аяктап, жол чийиндери чийилди. Учурда жол белгилерин орнотуу иштери жүрүүдө.

Ишкер Media
"Тазалык" Бишкектиктерге таштандыны чыгаруу боюнча кайрылды

"Тазалык" Бишкектиктерге таштандыны чыгаруу боюнча кайрылды

"Тазалык" ишканасы шаар тургундарына таштандыларды саат 19:00дөн кийин чыгарууну сунуштайт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти. Бул чара таштанды чыгаруу иштерин оптималдаштырып, жол тыгындарын азайтууга багытталган. Ишканадан билдиришкендей, унаа кыймылы азайган кечки убакта таштанды ташуучу техникалар натыйжалуу иштейт. Мэрия тургундарды сунушту эске алып, коммуналдык кызматтардын ишине көмөк

Ишкер Media
Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК өлкөдө күндүн кескин сууктаганына байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өскөнүн билдирди. Мекеме белгилегендей, бүгүн Кыргызстандын энергосистемасында электр энергиясын суткалык керектөө 64 млн 318 миң кВт саатка жетти. Бул — күз мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле күнүнө салыштырмалуу 16

Ишкер Media
Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект алынды

Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект алынды

Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы мыйзамсыз объекттерди алуу тууралуу президенттин Жарлыгын аткаруу иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалым болгондой, 19-23-октябрь күндөрү шаар аймагында жеңил типтеги 44 объект жана 33 капиталдык курулуш демонтаждалды. Натыйжада 7 664 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Иштер мажбурлоо жана ыктыярдуу түрдө жүргүзүлдү.

Ишкер Media