Инвестицияланган пенсиялык каражаттардан 3 млрд сомдон ашык киреше түштү

Инвестицияланган пенсиялык каражаттардан 3 млрд сомдон ашык киреше түштү

Социалдык фонд 2026-жылдын январь-май айларындагы Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун каражаттарын инвестициялоонун жыйынтыгын жарыялады.

Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде жалпы 9 млрд 458 млн сом инвестицияланган. Анын ичинен 7 млрд 758 млн сом мамлекеттик баалуу кагаздарга, ал эми 1,7 млрд сом коммерциялык банктардагы депозиттерге жайгаштырылган.

Инвестициялоонун жыйынтыгында жалпы киреше 3 млрд 19,7 млн сомду түздү.

Анын негизги бөлүгү мамлекеттик баалуу кагаздардан — 2 млрд 531,3 млн сом, депозиттерден — 293,3 млн сом, акциялар боюнча дивиденддерден — 185,9 млн сом жана эсептердеги калдыктардан түшкөн пайыздардан — 9,2 млн сом түштү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?