Кыргызстандагы негизги жолдордун жээктери тазаланат

Кыргызстандагы негизги жолдордун жээктери тазаланат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Таза коридор” урааны менен өлкөнүн негизги магистралдарынын жээктерин тазалоо боюнча масштабдуу мамлекеттик демилге көтөрүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн биилдиришти.

МинКаб Төрагасы белгилегендей, акыркы жылдардагы саясий туруктуулуктун жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун аркасында Кыргызстан эл аралык деңгээлдеги эң жагымдуу туристтик багыттардын бирине айланып баратат, ошондой эле аймактар аралык каттамдар боюнча жарандардын ички кыймылынын жогорку деңгээли байкалууда.

Өлкөнүн транспорттук инфраструктурасы тынымсыз өнүгүп, стратегиялык маанидеги жолдор реконструкцияланып, Түп-Кеген, Бедел сыяктуу жаңы каттамдар ачылууда. Бирок, президенттик администрация тарабынан жүргүзүлгөн тандалма мониторинг көрсөткөндөй, соода түйүндөрүнүн жана кафелердин, кароосуз калган имараттардын, таштандылардын, санитардык-архитектуралык нормалардын такыр эле сакталбагандыгынан улам, аталган трассалардын боюндагы жол жээктеринин абалы учурда канааттандырарлык эмес.


"Жол жээктери - мамлекетибиздин жүзү. Жол жээктериндеги таштандылар, жөнгө салынбаган чекене соода, жол боюндагы кароосуз калган жерлер чоң кемчилик жана өкмөттүн жергиликтүү деңгээлдеги жоопкерчилигинин көрсөткүчү. Бул көйгөйдү бир жолку иш-аракеттер менен чечүү мүмкүн эмес, бул үчүн катуу тартип жана үзгүлтүксүз, системалуу көзөмөл керек. Буга чейин шаарды тазалоо жана көрктөндүрүү иштери ийгиликтүү жүргүзүлүп келген. Эми биздин негизги магистралдарда тартипти орнотууга убакыт келди”, - деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев.

Өз кезегинде Курулуш, архитектура, турак-жай жана коммуналдык чарба министрлигине жол жээгиндеги объектилерди куруунун бирдиктүү долбоордук стандарттарын жана типтүү эскиздерин иштеп чыгуу жана бекитүү, ал эми Транспорт министрлигине бардык жол белгилеринин, маркерлеринин жана ага байланыштуу жол инфраструктурасынын коопсуздуктун катуу талаптарына ылайык келүүсүн токтоосуз түрдө камсыздоо милдети тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Саламаттык сактоо министри ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фарм-платформа түзүүнү сунуштады

Саламаттык сактоо министри ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фарм-платформа түзүүнү сунуштады

2-октябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун Саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын делегациялары, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүдө негизги басым саламаттык

Ишкер Media
Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Кыргызстандын башкы прокурору Малик Бектурганов Татарстандын Казань шаарында 1-октябрда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун 24-жыйынына катышты. Генпрокуратурадан билдиргендей жыйын үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо, ошондой эле жашы жете электер арасында деструктивдүү контенттин жайылышынын алдын алууга багытталган. Малик Бектурганов Кыргызстандын прокуратура органдарынын балдардын укугун санариптештирүү шарттарында коргоо, жашы жете электердин интернеттен

Ишкер Media
Мугалимдер үчүн 6000  ноутбук

Мугалимдер үчүн 6000 ноутбук

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин демилгеси менен мугалимдерге арналган 6000 даана “Алтын Казык” ноутбугун чогултуу иштери аяктады. Азыркы учурда аларды кабыл алуу алдында техникалык талаптарга шайкештигин текшерүү иштери жүрүп жатат. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, ноутбуктар Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Технопаркында чогултулду. Учурда министрликтин атайын кабыл алуу комиссиясы тарабынан ноутбуктардын техникалык мүнөздөмөлөрү,

Ишкер Media
Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media