Иштеп жаткан жарандар үчүн убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун өлчөмү эки эсе көбөйтүлдү

Иштеп жаткан жарандар үчүн убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун өлчөмү эки эсе көбөйтүлдү

Иштеп жаткан жарандар үчүн убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун өлчөмү эки эсе көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Иштеп жаткан жарандар ооруп калган учурда, аларга убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул төлөнөт. Жөлөкпул биринчи он иш күнү үчүн эмгек акынын 100% өлчөмүндө, ал эми 11-иш күнүнөн тартып 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө иш берүүчүнүн өздүк каражатынын эсебинен төлөнөт.

Жөлөкпулду төлөө үчүн негиз болуп убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы саналат.

Буга чейин убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул 11-иш күндөн тартып айына 50 эсептик көрсөткүч (5000 сом) өлчөмүндө төлөнүп келген, ал эми 2023-жылдын 13-апрелинен тартып иштеген жарандарга карата социалдык колдоону күчөтүү максатында анын өлчөмү 100 эсептик көрсөткүчкө чейин көтөрүлүп, 10 000 сомду түздү.

Ал эми бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын шарттарда иштеген жарандарга жөлөкпулду төлөө эмгек акынын толук өлчөмүндө, башкача айтканда эмгек акынын 100% өлчөмүндө жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы–Жалал-Абад унаа жолунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин көзөмөлдөдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапарынын алкагында министр кооптуу тилкелерде курулуп жаткан тирөөч дубалдардын, селден жана тоо көчкүлөрүнөн коргоочу галереялардын, ошондой эле үч жерде салынып жаткан жол тейлөө пункттарынын курулушунун жүрүшүн

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Аялдар форумунда өлкө экономикасындагы чакан жана орто бизнестин ордун белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнес Кыргызстандын ички дүң жыйымынын 51,7%ын түзөт. Ошондой эле 823 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттин 246 миңден ашыгын

Кыргыз-ооган ишкерлеринин түз кызматташуусуна шарт түзүү макулдашылды

Кыргыз-ооган ишкерлеринин түз кызматташуусуна шарт түзүү макулдашылды

Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Ооганстандын Соода-инвестициялык палатасынын төрагасы Саид Мохаммад Карим Хашими менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу Бишкекте өткөн Кыргызстан - Афганистан эл аралык экономикалык кызматташтык форумунун алкагында өттү. Иш-чарада эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын

Ошто тез жардам борборунун жаңы имараты курула баштады

Ошто тез жардам борборунун жаңы имараты курула баштады

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жана Ош шаарынын мэри Жанар Акаев 94 жыл мурда курулган тез жардам борборунун имаратындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Курулуш министрлиги билдиргендей, жаңы тез жардам борбору бардык заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу имарат болот. Анда медициналык кызматкерлер үчүн ыңгайлуу