Кыргызстан Астанага 25 млн сомдук Манастын коло эстелигин орнотот

Кыргызстан Астанага 25 млн сомдук Манастын коло эстелигин орнотот

Кыргызстандын Маданият министрлиги Астанага Манастын эстелигин орнотот. Тиешелүү тендер мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланды.

Демек, порталдын маалыматына караганда, мекеме 25 млн сом сарптайт. Конкурстук мөөнөтү 31-июлга чейин созулат.

Мындан тышкары окуңуз

Мыйзам талаптарына туура келбеген жарнама такталар алынды

Мыйзам талаптарына туура келбеген жарнама такталар алынды

Бишкекте жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тиешелүү кызматтар менен биргеликте рейд өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамын аткаруу максатында, 25-26-апрелде Бишкектин райондорунда тышкы жарнамаларды, аталыштарды жана башка визуалдык маалымат такталарды жөнгө салуу боюнча рейддер өткөрүлүүдө. Рейддин алкагында

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрү энергетика маселесин талкуулашты

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрү энергетика маселесин талкуулашты

Бүгүн Бишкек шаарында Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын энергетика тармагына жооптуу мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кезектеги кварталдык жумушчу жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигенен билдиришти. Жыйынга энергетика министри Таалайбек Ибраев, “КУЭТ” ААКнын башкы директору И. Сыдыгалиев, “Электр станциялар” ААКнын башкы директору А. Садыров жана министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Бишкекте жашыл өсүмдүктөр зыянкечтерге каршы дарыланат

Бишкекте жашыл өсүмдүктөр зыянкечтерге каршы дарыланат

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы борбор калаадагы жашыл өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоо максатында комплекстүү дары чачуу иштери жүргүзүлөрүн билдирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чаралар 25-апрелден тартып башталып, 15-майга чейин уланат. Бул иштер Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти менен биргеликте аткарылууда. Дары чачуу негизинен түнкү убакта жүргүзүлөт. Мындай

Жыргалаң курортунда 3 миң карагай көчөтү отургузулду

Жыргалаң курортунда 3 миң карагай көчөтү отургузулду

Ак-Суу районунда жайгашкан "Жыргалаң" лыжа курортунун аймагында ишембилик уюштурулуп, ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ачык акционердик коому маалымдады. Иш-чаранын алкагында курорттун 3,5 гектар аянты жашылдандырылып, жалпысынан 3000 даана ийне жалбырактуу көчөт тигилди. Демилге аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга жана жаратылышты коргоого багытталган.