Бишкекте мыйзамсыз көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

Бишкекте мыйзамсыз көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы тарабынан Севастопольская көчөсү, 8 дарегинде уруксаты жок көп кабаттуу турак жайдын курулушу аныкталып, токтотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Шаардык прокуратуранын жана КРнын Экономика министрлигинин көрсөтмөсүнүн негизинде пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен куруучу «Кыргыз Интер Строй» ЖЧКсына «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 144-беренесине ылайык административдик чаралар көрүлдү.

Андан ары материалдар сот органдарына өткөрүлүп берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Россияда Лабубу оюнчуктарынан уулуу зат табылган

Россияда Лабубу оюнчуктарынан уулуу зат табылган

Россияда Лабубу оюнчуктары сапат жана коопсуздук талаптарына ылайык текшерүүдөн өткөрүлүп, алардын бир үлгүсүндө уулуу зат табылганын Казинформ агенттиги жазды. Жалпы 13 оюнчук үлгүсү 53 көрсөткүч боюнча текшерилген. Алардын катарында уулуулук индекси, этикеткалоо, кездеме жана тигиш сапаты, ошондой эле токсикологиялык жана гигиеналык коопсуздук сыноолору болгон. Үч этаптуу тестирлөөнүн жүрүшүндө бир оюнчукта

Кыргызстан туруктуу климат жана жашыл экономика боюнча талкуу өткөрдү

Кыргызстан туруктуу климат жана жашыл экономика боюнча талкуу өткөрдү

Бишкекте Кыргызстандын климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Бишкекте өткөн иш-чарада климаттык өзгөрүүлөрдүн тобокелдиктери жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, климатка туруктуу жана төмөн көмүртектүү өнүгүү жол картасы сунушталды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев белгилегендей, Кыргызстан тоолуу өлкө

Александр Бочкин: "Санариптик кызматкерлер менен жасалма интеллект бизнес процессти 10-12 эсе ылдамдатат"

Александр Бочкин: "Санариптик кызматкерлер менен жасалма интеллект бизнес процессти 10-12 эсе ылдамдатат"

Процесстик аналитика технологиясын, жасалма интеллект жана санариптик кызматкерлерди колдонуу компанияларга бизнес-процесстерди бир нече эсеге ылдамдатууга жана чыгымдарды кыскартууга мүмкүнчүлүк берерин Operavix компаниясынын негиздөөчүсү Александр Бочкин Бишкекте өтүп жаткан ProcessTech X Kyrgyzstan процесс аналитикасына арналган биринчи конференцияда билдирди. Анын айтымында, компаниялардагы бизнес-процесстердин көбү маалыматтык системалар аркылуу автоматташтырылганы менен, көптөгөн операция

Талас шаарындагы 2 млн 697 миң сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Талас шаарындагы 2 млн 697 миң сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Талас шаарындагы 565 м² мыйзамсыз жеке менчикке берилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти. Талас шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, 1999-жылы шаардын автовокзалында тиешелүү болгон 565 чарчы метр жер тилке мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталды. Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында базар баасы 2 697 100