«Айланма Ош» автожолунун курулушунда 2.7 млн сомго зыян келтирилген

«Айланма Ош» автожолунун курулушунда 2.7 млн сомго зыян келтирилген

«Айланма Ош» автожолунун курулушунда 2.7 млн сомго зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №21 жол тейлөө ишкананын, Жол чарба департаментинин №5 регионалдык бөлүмүнүн жана “В.С.Л.” ЖЧКнын кызмат адамдары тарабынан 2021-жылы жана 2023-жылы аткарылган иштерди кабыл алуу актыларына иш жүзүндө төшөлбөгөн асфальтбетонду, ошондой эле, асфальбетонду орнотуу боюнча иштерди  жогорулатылган баада киргизишкендиги жана жол иштери сапатсыз аткарылгандыктан айрым жол катмарлар деформацияланып кеткендиги аныкталган.

Натыйжада, мамлекетке жалпы 2 млн 683 миң 786 сомдук зыян келтирилген. Аталган факты боюнча Ош областынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иш козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ош областынын прокуратурасы тарабынан №21 жол тейлөө ишканасынын башкы инженери М.М. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Учурда тергөө аракеттери улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен АКШ бажы кызматташтыгын күчөтүүнү көздөйт

Кыргызстан менен АКШ бажы кызматташтыгын күчөтүүнү көздөйт

10-июлда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев менен Американын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери жолугушту. Бажы кызматы белгилегендей, жолугушууда тараптар мыйзамсыз жүк ташууга каршы күрөшүү, маалымат алмашуу, экспорттук көзөмөлдү күчөтүү жана бажы кызматтарынын ортосунда түз байланыштарды өнүктүрүү маселелерине көңүл бурушту. Кыргыз тарап радиациялык көзөмөл каражаттарын жаңылоо, адистерди даярдоо жана заманбап

"Бишкек Арена" сентябрдын аягында расмий ачылат

"Бишкек Арена" сентябрдын аягында расмий ачылат

"Бишкек Арена" стадионунун расмий ачылышы сентябрдын аягына чейин жалпы кыргызстандыктардын катышуусунда чоң салтанат менен өтөт. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, 31-августта "Бишкек Аренада" Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи гана өткөрүлөт. Бул күнү оюндарга катышкан өлкөлөрдүн командаларынын парады өтүп, мамлекет

Дипломатиялык мекемелердин аткарган иштерине баа берилди

Дипломатиялык мекемелердин аткарган иштерине баа берилди

10-июлда Тышкы иштер министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгына арналган жыйын өттү. Маалыматка ылайык, жыйында министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери аткарган иштер жана чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык мекемелердин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти. Министр Жээнбек Кулубаев дипломатиялык кызмат органдарынын жалпы ишине баа берип, Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги

Москва районундагы соода түйүндөрү дизайн-код боюнча иретке келтирилүүдө

Москва районундагы соода түйүндөрү дизайн-код боюнча иретке келтирилүүдө

Москва районунда Бишкек–Кара-Балта эл аралык маанидеги унаа жолунун боюндагы соода-сатык объектилерин дизайн-коддун талаптарына ылайык келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Москва райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу