Бишкек электр тармактар ишканасында күз-кыш мезгилине даярдыктар кызуу жүрүүдө
Бишкектин Чыгыш РЭТтин кызматкерлери Муса Жалил жана Целиноградская көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан №3208 көмөк чордонунда ГКТП-400/10 кВА шкафын ГКТП 630/10 кВАга алмаштырышты. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.
Мындай кубаттуулукту жогорулатуу иштери ушул аймакта жашаган керектөөчүлөрдү электр энергия менен камсыздоонун сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат.
Энергетиктер керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүшөт.