Өрт коопсуздугунун ордуна көп кабаттуу үй: жарандар кооптуу аралыктагы курулушка нааразы

Өрт коопсуздугунун ордуна көп кабаттуу үй: жарандар кооптуу аралыктагы курулушка нааразы

Бишкектеги Ажыбек Баатыр көчөсүндө 1В көп кабаттуу үйдүн жашоочулары алардын жанындагы Ажыбек Баатыр көчөсүндө 1Д  "Алинур классик" деп аталган жаңы үйдүн курулушуна нааразы. Алардын үйүнүн жанына жаңы имарат салынып, жашоочуларга коркунуч жаралып, мамлекеттик органдар так жооп бербей, бири-бирине жөнөтүп жатышат. ИШКЕР MEDIA окуя менен жеринде таанышып, жергиликтүү тургундар жана «Бишкекбашкыархитектура» ишканасынын өкүлдөрү менен сүйлөштү.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ажыбек Баатыр көчөсүндө «Алинур групп» компаниясы тарабынан курулуш иштери жүрүп жатат. Долбоордун башкы планы 2023-жылдын март айынын аягында «Бишкекбашкыархитектура» тарабынан бекитилген. Бул убакыттын ичинде куруучулар экинчи кабатты көтөрө баштады. Талаш-тартыштарга имараттын так ошол үйдүн жанында өсүп жатканы себеп болгон.

Жергиликтүү тургун Эсен Имантуровдун айтымында, жергиликтүү коомчулук «Бишкекбашкыархитектурасынан» тарта президенттин администрациясына чейин бардык инстанцияларга кайрылышкан. Бирок маморгандар шаблондук жооптор менен кутулуп кетишкен.

«Бизде өрт чыккан учур болгон, куткаруучулар өрттү өчүрүү үчүн кире бериштеги терезелерди сындырышкан. Ал эми имаратты тосуп турган өтмөк болсо, атайын унаа 5 мүнөттө эле өтүп, өрттү өчүрүп коймок. Эгер дагы бир өзгөчө кырдаал жаралса, жашоочулар камалып калышат», - деди Имантуров.

Долбоордун аткарылышы документтер менен дал келбей турганын белгилей кетүү керек. Жаңы турак жай азыркы үйдүн жанында болбошу керек. Башкы план боюнча ал жерде бири-биринен ыңгайлуу аралыкта жайгашкан көп кабаттуу үйлөр курулушу керек, бирок иш жүзүндө жеке турак жайлар калган.

Тургундардын айтымында,алардын үйүнүн түштүк тарабында бир бөлмөлүү батирлер жайгашкан. Алардын терезелери ошо эле бир капталында гана жайгашкан жана жакында курулуп жаткан имарат аларды тосуп калат. Ошондой эле бул тараптан өрт өчүрүүчү атайын унаанын кирүүсүнө эч кандай жол жок - өтүү жана бурулуш үчүн жер жаңы имарат менен тосулуп калды. Тургундардын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Мамэкотехинспекция өңдүү ведомстволор ойлонбой туруп нормаларга жооп бербеген долбоорду кантип бекитти деген суроосу толугу менен мыйзамдуу.

Бул талаштын экинчи аспектиси - унаа жүрүүчү жол. Мэрия бул үйдүн жашоочуларына жолдогон расмий катында жол бар деп жооп берген. Ал Башкы план боюнча жаңы салынып жаткан үйдүн түштүк тарабынан өтөт, бирок чындыгында курулуш компаниясы үйүндөгү батирлерди ушул жолду камтыган жабык аймак катары сатып, жарнамалап жатат. Бул маселе чечилбей калса, өтмөк коңшу үйдүн жашоочулары үчүн эле эмес, бүтүндөй кичирайон үчүн жабык бойдон калат.

Нааразы болгон тургундар менен жолугушууга «Бишкекбашкыархитектура» МИнын өкүлдөрү келишти. Бирок аткаминерлер бейрасмий келгенин белгилешти, анткени комиссия толук курамында чогулган эмес. Шаардыктар көп кабаттуу үйлөр кандай аралыкта курулушу керек деген суроолоруна так жооптор алышкан жок.

Маалым болгондой, Мамкурулуш мындан ары бул маселени чечпейт, анткени долбоор шаар куруу кеңешинде макулдашылган. Курулуштун жүрүшүн Мамэкотехинспекция жана Бишкек мэриясы көзөмөлгө алышы керек.

«Бишкекбашкыархитектуранын кызматкери келип, бирок ал курулуштун сапатына гана жооп берерин айтты. Бирок анын бекитилген долбоорго эч кандай тиешеси жок жана анын мыйзамдуулугун текшере албайт экен», - деп тургундар айтып берди.

Аткаминерлер шаар тургундарына Бишкектин мэриясына жана Мамэкотехинспекцияга кайрылууну сунушташты. Бишкектиктер маселени иликтеп, үйдүн жашоочуларынын коопсуздугу боюнча маселелерди чечүү үчүн тез арада мекемелер аралык комиссия түзүүнү суранышууда.

Мындан тышкары окуңуз

2026-жылы Бишкек шаарында жаңы 20 мектеп салынат

2026-жылы Бишкек шаарында жаңы 20 мектеп салынат

КРнын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаары боюнча жаңы 20 мектеп салынат. Мындай билдирүүнү Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен кабарлашты. Кече, 31-январда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттин жетекчилери менен борбор калаада курула турган 20 мектептин долбоору жана курулуш аянттары менен

Ысык-Көлдө ири нефрит ташынын ачылышы болду

Ысык-Көлдө ири нефрит ташынын ачылышы болду

Ысык-Көл облусундагы Чоң-Кызыл суу капчыгайында ири нефрит кенинин ачылышы болуп өттү. Салмагы 180 тоннадан ашкан уникалдуу нефрит ташы табылгандыгы тууралуу 2013-2014-жылдары эле маалымдаган. Бирок баалуу таштын уурдалып кетүү коркунучунан улам көп убакыт бою жер астында жашырылып келген. Бүгүн аталган нефрит таштын ачылыш аземи “Ак илбирс” кышкы фестивали менен биргеликте, жергиликтүү

Кытайда телекоммуникациялык алдамчылык кылгандар өлүм жазасына тартылышты

Кытайда телекоммуникациялык алдамчылык кылгандар өлүм жазасына тартылышты

Кытайда Мьянманын түндүгүндө иш алып барган жана телекоммуникация тармагындагы ири алдамчылык схемаларына тиешеси бар кылмыштуу топтордун 11 мүчөсүнө карата чыгарылган өлүм жазасы аткарылганын "Синьхуа" агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул Мьянмадагы скам-борборлордун ишмердүүлүгүнө байланыштуу иш боюнча Кытайда өлүм жазасы биринчи жолу аткарылып жатат. Өкүм 2025-жылдын сентябрь айында Чжэцзян провинциясына

Россия Мамдумасынын депутаты жеңил өнөр жай импортуна КНС киргизүүнү сунуштады

Россия Мамдумасынын депутаты жеңил өнөр жай импортуна КНС киргизүүнү сунуштады

Россиянын ЛДПР партиясынын төрагасы Леонид Слуцкий Россияда эле өндүрүлүп жаткан жеңил өнөр жай продукциясынын айрым түрлөрүнө импорт учурунда КНС (кошумча нарк салыгы) салууну сунуштады. Ал эми Россияда чыгарылбаган — чийки зат, кездемелер, фурнитура жана компоненттерди — бажы төлөмүсүз алып келүү режимин сактап калуу керектигин билдиргенин партиянын басма сөз кызматы маалымдады. Ал өз