2026-жылы Бишкек шаарында жаңы 20 мектеп салынат

2026-жылы Бишкек шаарында жаңы 20 мектеп салынат

КРнын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаары боюнча жаңы 20 мектеп салынат. Мындай билдирүүнү Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен кабарлашты.

Кече, 31-январда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттин жетекчилери менен борбор калаада курула турган 20 мектептин долбоору жана курулуш аянттары менен таанышып чыкты.

Алардын бири борбор калаадагы Дордой конушунда жайгашкан №94 орто билим берүү мектебинин жанына жаңы окуу корпусу курулмакчы. Долбоорго ылайык, заманбап бардык шарттары менен 3 кабаттуу окуу корпусу салынат. Жакын арада курулуштун алгачкы этабы башталат.

Мындан сырткары Октябрь районуна караштуу Кара-Жыгач конушундагы №91 орто билим берүү мектебинин жанына жаңы окуу корпусу курулууда. Министр аталган объекттин курулуш аянты жана долбоордук документтери менен таанышып, департаменттин жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды берди.

Борбор калаадагы Свердлов районунун Сеченов көчөсүндө жайгашкан №46 орто мектептин жанына дагы жаңы окуу корпусу курулмакчы. Жакында анын дагы алгачкы курулуш этаптары башталганы турат.

Белгилей кетсек, курулуш объектилер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media