Кытайда телекоммуникациялык алдамчылык кылгандар өлүм жазасына тартылышты

Кытайда телекоммуникациялык алдамчылык кылгандар өлүм жазасына тартылышты

Кытайда Мьянманын түндүгүндө иш алып барган жана телекоммуникация тармагындагы ири алдамчылык схемаларына тиешеси бар кылмыштуу топтордун 11 мүчөсүнө карата чыгарылган өлүм жазасы аткарылганын "Синьхуа" агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул Мьянмадагы скам-борборлордун ишмердүүлүгүнө байланыштуу иш боюнча Кытайда өлүм жазасы биринчи жолу аткарылып жатат. Өкүм 2025-жылдын сентябрь айында Чжэцзян провинциясына караштуу Вэньчжоу шаарынын соту тарабынан чыгарылган. Соттолгондор "Мин" синдикатына кирген жана 2023-жылдын ноябрында Мьянманын аймагында, Кытай чек арасына жакын жерде кармалган. Бул тууралуу BBC да маалымдайт.

Сот аларды атайылап киши өлтүрүү, денеге оор жаракат келтирүү, мыйзамсыз эркинен ажыратуу, алдамчылык жана мыйзамсыз кумар оюндары жайларын уюштуруу беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты. Соттун чечимине ылайык, кылмыштуу топтун аракеттеринин натыйжасында Кытайдын 14 жараны каза болгон.

Соттолгондор өкүмгө даттанышкан, бирок 2025-жылдын ноябрь айында Чжэцзян провинциясынын Жогорку элдик соту өкүмдү күчүндө калтырып, ишти Кытайдын Жогорку элдик сотуна кайра кароого жөнөткөн. Текшерүүдөн кийин Жогорку элдик сот өкүмдүн мыйзамдуулугун тастыктап, аны аткарууга уруксат берген.

Жогорку элдик соттун маалыматы боюнча, 2015-жылдан бери кылмыштуу топтун мүчөлөрү Мьянмада телекоммуникациялык алдамчылык жана мыйзамсыз кумар оюндарын жүргүзгөн бир нече базаны түзүшкөн. Кылмыштуу схемаларга тартылган каражаттардын жалпы көлөмү 10 млрд юандан (болжол менен 1,4 млрд доллар) ашкан. Кылмышкерлер адам өлтүрүү, сабоо жана адамдарды мыйзамсыз кармоо сыяктуу ыкмаларды да колдонушкан.

Өлүм жазасына өкүмдөр Жогорку элдик соттун макулдугу алынгандан кийин Вэньчжоу шаарынын соту тарабынан аткарылган.

Буга чейин, ноябрь айында, "Бай" синдикатынын беш мүчөсү да өлүм жазасына тартылган. Ал эми "Вэй" жана "Лю" аттуу дагы эки кылмыштуу топко карата соттук процесстер уланууда.

Мьянманын түндүгүндө скам-борборлор иштейт. Ал жерлерге адамдарды жумушка орноштуруу деген шылтоо менен чакырып, кийин күч менен кармап, документтерин тартып алышат жана алдамчылык схемаларга катышууга мажбурлашат. Баш ийбегендер зомбулукка жана кыйноолорго кабылышат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media