Ошто мыйзамсыз курулуш токтотулду

Ошто мыйзамсыз курулуш токтотулду

Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүнүн 52 дарегинде У. Белекбаев аттуу жаран өз билемдик менен Ак-Буура дарыясынын жээгинде таш бетондон уруксатсыз курулуш жүргүзүп жаткандыгы аныкталган. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Тактоо учурунда, жер тилкеси Ак-Буура дарыясынын суу корук аймагы болуп, курулушка тиешелүү архитектуралык уруксат иш кагаздары жок болуп чыкты.

Мындан улам, курулуш жүргүзүп жаткан жеке тарапка өз эсебинен бир күн аралыгында бузуп салуу милдеттендирилди.

Эгер белгиленген мөөнөттө курулуш бузулбаса, анда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан бузулуп, калыбына келтирилет.

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарынын казынасы 7,5 млрд сомго жетти

Ош шаарынын казынасы 7,5 млрд сомго жетти

Ош шаарында салыктык түшүүлөр 1 млрд 683 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 505 млн сомго көбөйдү. Бул тууралуу Салык кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн иш-чарада калаа башчысы Жанар Акаев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы эки жылда Ош шаарынын жергиликтүү бюджети 2 эсеге өсүп, 2026-жылга карата трансферттер менен

“Бала ырысы” жөлөк пулун алууга арыздар кабыл алына баштады

“Бала ырысы” жөлөк пулун алууга арыздар кабыл алына баштады

1-июлдан баштап 3 жашка чейинки балдар үчүн ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пул — "Бала ырысы" боюнча арыздарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн өткөн брифингде билдирди. Министрдин орун басарынын айтымында, бүгүн эртең мененки сааттардан

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк каржылык колдоо маселелерин талкуулады

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк каржылык колдоо маселелерин талкуулады

Каржы министри Руслан Суйналиев Ташкент шаарында өткөн Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун жыйынынын алкагында Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушту. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар биргелешкен долбоорлордун жүрүшүн, аларды ишке ашырууну тездетүү маселелерин, бюджеттик колдоону жана эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты. Руслан Суйналиев Дүйнөлүк банкка Кыргызстанга көрсөтүлүп жаткан

Ысык-Көлдөгү жол курулушун ыкчамдатуу боюнча тапшырма берилди

Ысык-Көлдөгү жол курулушун ыкчамдатуу боюнча тапшырма берилди

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол унаа жолунун курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Текшерүү учурунда бир катар объекттерде курулуш иштери белгиленген тартипке ылайык уланып жатканы маалым болду. Иш сапардын жыйынтыгында айрым тилкелердеги иштерди ыкчамдатуу, курулуш материалдарын үзгүлтүксүз жеткирүү жана жумушчу күчүн көбөйтүү