Ош шаарынын казынасы 7,5 млрд сомго жетти

Ош шаарынын казынасы 7,5 млрд сомго жетти

Ош шаарында салыктык түшүүлөр 1 млрд 683 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 505 млн сомго көбөйдү. Бул тууралуу Салык кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн иш-чарада калаа башчысы Жанар Акаев билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы эки жылда Ош шаарынын жергиликтүү бюджети 2 эсеге өсүп, 2026-жылга карата трансферттер менен бирге 7,5 млрд сомго жеткен.

Жанар Акаевдин айтымында, пилоттук долбоордун алкагында салыктык түшүүлөрдүн бир бөлүгү түздөн-түз шаар казынасына багытталып, бул шаарды өнүктүрүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөнү күйүүчү май менен туруктуу камсыздоо чаралары күчөтүлдү

Өлкөнү күйүүчү май менен туруктуу камсыздоо чаралары күчөтүлдү

Энергетика министрлиги өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу майлардын абалын күн сайын көзөмөлдөп, ички рынокту үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүп жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу өзгөрүүлөр, Жакынкы Чыгыштагы геосаясий чыңалуу, эл аралык логистикалык тобокелдиктер жана мунайдын дүйнөлүк баасынын өсүшү ички рынокко таасирин тийгизип жатат. Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо максатында Министрлер

Кыргызстан менен Корея токойлорду калыбына келтирүү боюнча кызматташат

Кыргызстан менен Корея токойлорду калыбына келтирүү боюнча кызматташат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын делегациясы Кореяда иш сапар менен болуп, эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Токой кызматы билдиргендей, делегацияны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Жумалиев жетектеди. Иш-чаранын жүрүшүндө Кореянын Токой кызматынын министри Пак Ын Сик баштаган расмий өкүлдөр менен жолугушуу болуп өттү. Анда эки өлкө ортосунда токой

“Бала ырысы” жөлөк пулун кандай шарттарда алса болот?

“Бала ырысы” жөлөк пулун кандай шарттарда алса болот?

“Бала Ырысы” жөлөк пулу 1-июлдан тарта 3 жашка чейинки балдарга, үй-бүлөнүн социалдык экономикалык абалына карабастан жана 3 жашка чейинки бала ата-энеси менен же баккан адам менен чогуу жашаган учурда, “Бала Ырысы” ар айлык мамлекеттик жөлөк пулу 1200 сом өлчөмүндө киргизилүүдө. Кыргызстандын калкынын 38%ын балдар түзөт. Улуттук

Өлкөдөгү мыкты салык төлөөчүлөр сыйланышты

Өлкөдөгү мыкты салык төлөөчүлөр сыйланышты

Бүгүн, Мамлекеттик салык кызматында КРнын Салык кызматкерлеринин күнү салтанаттуу иш-чара менен белгиленди. Иш-чарага салык кызматынын жетекчилиги, кызматкерлери жана мыкты деп таанылган салык төлөөчүлөр келип катышышты. Анын жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Салык кызматы мамлекеттик бюджетке кирешелердин туруктуу түшүүсүн камсыздап, өлкө экономикасын өнүктүрүүдө жана салыктык