«КУЭТ» жаңы бирдиктүү сайтын ишке киргизди

«КУЭТ» жаңы бирдиктүү сайтын ишке киргизди

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын биринчи деңгээлдеги www.nesk.kg жаңы расмий сайтын ишке киргизди. Бул тууралуу ишкананы маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле экинчи деңгээлдеги электр тармактар ишканаларынын– компаниянын филиалдарынын расмий сайттарын иштеп чыгып, ишке киргизди:

· Бишкек электр тармактар ишканасы - http://bipes.nesk.kg

· Баткен электр тармактар ишканасы - http://bpes.nesk.kg

· Жалал-Абад электр тармактар ишканасы - http://jpes.nesk.kg

· Ысык-Көл электр тармактар ишканасы - http://ipes.nesk.kg

· Нарын электр тармактар ишканасы- http://npes.nesk.kg

· Ош электр тармактар ишканасы - http://oshpes.nesk.kg

· Талас электр тармактар ишканасы - http://tpes.nesk.kg

· Чүй электр тармактар ишканасы - http://chupes.nesk.kg

Бул сайттардын баары кыргыз жана орус тилдеринде иштейт.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жаңы расмий сайтында «Компания жөнүндө», «Акционерлер жана инвесторлор», «Абоненттер», «Ченемдик-укуктук база», «Пресс-борбор», «Сатып алуулар», «Байланыштар» аталыштагы тиешелүү бөлүмдөр боюнча маалыматтар камтылган.

Сайттын башкы бетинде «Абоненттин балансы», «Калькулятор», «Мой свет мобилдик тиркемесинин QR-коддору», «Тарифтер», «Өчүрүүлөр жөнүндө маалымат», «Суроо-жооп» сыяктуу электрондук кызматтар орнотулган.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын бирдиктүү сайтынан бир басуу менен аймактык электр тармактар ишканаларынын сайттарына өтүү каралган, бул абоненттерге жашаган жерине жараша маалымат алууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, электр тармактар ишканаларынын сайттарынын мазмуну толук толтурулганга чейин бир ай тесттик режимде иштейт, бирок негизги функциялар, кызматтар жана бөлүмдөр иштеп баштады.

Сайтты иштеп чыгууда компаниянын адистери абоненттердин жана сайттын колдонуучуларынын бардык каалоолорун эске алууга аракет кылышкан. Келечекте веб-ресурс жакшыртылып, мобилдик версиясы жана кошумча электрондук кызматтар пайда болот.

Эскерте кетсек: Бөлүштүрүүчү компаниялар – «Түндүк электр» ААК, «Чыгыш электр» ААК, «Ошэлектр» ААК жана «Жалалабадэлектр» ААК «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсына бириктирилген, алардын веб-сайттары учурда жабылган же иштебейт, бирок жаңы иштелип чыккан электр тармактар ишканаларынын сайттарына өтүү функциясы орнотулган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 8 автобустук каттамдын багыты өзгөртүлөт

Бишкекте 8 автобустук каттамдын багыты өзгөртүлөт

Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспорттун ишин жакшыртуу жана жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында автобустук каттамдарды оптималдаштыруу иштерин улантууда. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык,1-июлдан тартып борбор калаадагы №100, №101, №13, №33, №40, №44, №104 жана №226 автобустук каттамдардын кыймыл чиймесине өзгөртүүлөр киргизилет. Өзгөртүүлөр коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, каттамдардын натыйжалуулугун

Кадамжайдагы Кожо-Ашкан дарыясы 35 млн сомго бекемделди

Кадамжайдагы Кожо-Ашкан дарыясы 35 млн сомго бекемделди

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кожо-Ашкан дарыясынын 880 метр аралыгы бекемделди. Анын ичинен Чоң-Гара айылында 500 метр, Кызыл-Коргон айылында 380 метр бекемделди. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Бул жумуштар үчүн 2025-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 20 млн сом, 2024-жылы Баткен облусун Өнүктүрүү фондунан 15 млн сом акча

Жаңы тез жардам унаалары сатылып алынат

Жаңы тез жардам унаалары сатылып алынат

Тез жардам кызматынын иши менен жеринен таанышуу максатында Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бишкек шаардык Тез жардам борборуна барды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, министр диспетчердик борбордун иши, чакырууларды кабыл алуунун автоматташтырылган системасы жана бригадалардын ишин координациялоо тартиби менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө жол-транспорт кырсыгы тууралуу чакыруу түшүп, министр

Чектеш өлкөлөр атайын жөнөтүүлөрдү алмашуу маселесин талкуулашты

Чектеш өлкөлөр атайын жөнөтүүлөрдү алмашуу маселесин талкуулашты

Ички иштер министрлигинде чектеш мамлекеттер ортосунда атайын жөнөтүүлөрдү чек ара аркылуу алмашууну уюштуруу жана өркүндөтүү маселелерине арналган жумушчу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Ниязбеков, Фельдъегердик кызматынын жана «Фельдъегердик кызматтын Атайын байланыш кызматы» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги, ошондой эле