Ошто 500дөн ашык көп кабаттуу турак жайдан турган акылдуу шаарын куруу долбоору талкууланды

Ошто 500дөн ашык көп кабаттуу турак жайдан турган акылдуу шаарын куруу долбоору талкууланды

Ош шаарынын мэриясында Ош шаарында административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча сунуштарды даярдоо жана тийиштүү иштерди алып баруу максатында тийиштүү жумушчу тобунун отуруму болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат борбору кабарлады.

Жыйынды Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев алып барып, анын алкагында «2025-жылга чейинки мезгилге Ош шаарынын башкы планы жөнүндө» токтомуна ылайык даярдалган презентация көрсөтүлүп, келечекте Ош шаарынын аймагын кеңейтип, жаңыдан кошулган жерлерге кичи райондорду, өнөр жай-соода борборлорун куруу менен шаардын калкын 1 миллион адамдан ашыруу максаты негиз болгону айтылды.

Аны менен катар жаңы аймактарда бир катар ири инвестициялык долбоорлор сунушталды:

· 500дөн ашык көп кабаттуу турак жайдан турган “Ош Сити” акылдуу шаарын куруу;

· шаардын түндүк-батыш тарабына өнөр жай-соода зонасын куруу;

· шаар аймагына жаңы кичи райондорун куруу;

· шаардын түндүк тарабындагы 32 га жер тилкесине чыгыш стилиндеги муниципалдык базарды куруу.

Аталган долбоорлордун негизинде жыйында бир катар сунуш, ой-пикирлер айтылып, кызуу талкуу жүрдү. Соңунда жумушчу топко идеялык сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө энергетиктерге 5 даана атайын техника тапшырылды

Ысык-Көлдө энергетиктерге 5 даана атайын техника тапшырылды

Ысык-Көл электр тармактары ишканасына 5 даана жаңы атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунда энергетикалык тармактын материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери улантылууда. Анын негизинде аталган ишкананын техникалык паркы 5 даана жаңы атайын техника менен толукталып, райондук бөлүмдөрүнө жана тиешелүү кызматтарга бөлүштүрүлдү. Тактап айтканда,

Аскар Акаев Эл аралык  Ысык-Көл форумуна катышууда

Аскар Акаев Эл аралык  Ысык-Көл форумуна катышууда

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Эл аралык Ысык-Көл форумуна катышууда.  Жыйын алкагында заманбап билим берүү, идеологиялык тушоодон бошонуу, жогорку технология доорундагы адамдын жоопкерчилиги, жасалма интеллект доорундагы медианын ролу, гуманизм жана маданияттын миссиясы жана башка темалар талкууланат. Ысык-Көл эл аралык форуму 18-июнда башталып, ачылыш аземине президент Садыр Жапаров

"Energy Expo Kyrgyzstan – ШОС 2026" көргөзмөсүндө "Росатом" Кыргызстан үчүн алдыңкы технологиялык чечимдерди сунуштады

"Energy Expo Kyrgyzstan – ШОС 2026" көргөзмөсүндө "Росатом" Кыргызстан үчүн алдыңкы технологиялык чечимдерди сунуштады

Мамлекеттик корпорациянын стендинде РИТМ-200Н реакторуна негизделген чакан кубаттуулуктагы атомдук станциясынын технологиялары көрсөтүлдү. 2026-жылдын 18-19-июнуна чейин Бишкекте өтүп жаткан "Энерджи Экспо Кыргызстан – ШОС 2026" эл аралык энергетикалык көргөзмөсүндө "Росатом" алдыңкы технологиялык чечимдерди сунуштады.  Бул иш-чара Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө жана өнөктөш

Скутер жана мопед айдоочуларына камералар боюнча эскертүү берилди

Скутер жана мопед айдоочуларына камералар боюнча эскертүү берилди

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы скутер жана мопед айдоочуларына жол эрежелерин так сактоо зарылдыгын эскертти. Маалыматка ылайык, коомдук жайларда орнотулган “Коопсуз өлкө” долбоорунун камералары күнү-түнү үзгүлтүксүз иштеп, жол эрежелерин бузган учурларды автоматтык түрдө каттайт. Мындан тышкары, видеокөзөмөл системалары мыйзам бузуу фактыларын аныктоо менен катар жүздөрдү таануу мүмкүнчүлүгүнө да ээ