Нарын облусундагы Ача-Кайыңды-Калинин унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусундагы Ача-Кайыңды-Калинин унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусундагы Ача-Кайыңды-Калинин унаа жолуна асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жеринде «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №957 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын тартылган техникалар иштеп жатышат.

Быйыл жалпы 14 чакырымды түзгөн Ача-Кайыңды-Калинин унаа жолунун 3 чакырымын асфальттоо каралган. Жумуштар июнь айында башталып, алгач жер иштери жүргөн. Азыркы тапта асфальт төшөө жумуштары башталып, 300 метрдей жол жасалды.

Бул жерде иштер жыйынтыкталган соң, Калинин-Жаңы-Күч айылдарынын ортосуна (3 чакырым) асфальт төшөө жумуштары башталат.  

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдөгү мыкты салык төлөөчүлөр сыйланышты

Өлкөдөгү мыкты салык төлөөчүлөр сыйланышты

Бүгүн, Мамлекеттик салык кызматында КРнын Салык кызматкерлеринин күнү салтанаттуу иш-чара менен белгиленди. Иш-чарага салык кызматынын жетекчилиги, кызматкерлери жана мыкты деп таанылган салык төлөөчүлөр келип катышышты. Анын жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Салык кызматы мамлекеттик бюджетке кирешелердин туруктуу түшүүсүн камсыздап, өлкө экономикасын өнүктүрүүдө жана салыктык

Ош шаарынын казынасы 7,5 млрд сомго жетти

Ош шаарынын казынасы 7,5 млрд сомго жетти

Ош шаарында салыктык түшүүлөр 1 млрд 683 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 505 млн сомго көбөйдү. Бул тууралуу Салык кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн иш-чарада калаа башчысы Жанар Акаев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы эки жылда Ош шаарынын жергиликтүү бюджети 2 эсеге өсүп, 2026-жылга карата трансферттер менен

“Бала ырысы” жөлөк пулун алууга арыздар кабыл алына баштады

“Бала ырысы” жөлөк пулун алууга арыздар кабыл алына баштады

1-июлдан баштап 3 жашка чейинки балдар үчүн ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пул — "Бала ырысы" боюнча арыздарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн өткөн брифингде билдирди. Министрдин орун басарынын айтымында, бүгүн эртең мененки сааттардан

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк каржылык колдоо маселелерин талкуулады

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк каржылык колдоо маселелерин талкуулады

Каржы министри Руслан Суйналиев Ташкент шаарында өткөн Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун жыйынынын алкагында Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушту. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар биргелешкен долбоорлордун жүрүшүн, аларды ишке ашырууну тездетүү маселелерин, бюджеттик колдоону жана эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты. Руслан Суйналиев Дүйнөлүк банкка Кыргызстанга көрсөтүлүп жаткан