Өлкөдөгү мыкты салык төлөөчүлөр сыйланышты

Өлкөдөгү мыкты салык төлөөчүлөр сыйланышты

Бүгүн, Мамлекеттик салык кызматында КРнын Салык кызматкерлеринин күнү салтанаттуу иш-чара менен белгиленди. Иш-чарага салык кызматынын жетекчилиги, кызматкерлери жана мыкты деп таанылган салык төлөөчүлөр келип катышышты.

Анын жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Салык кызматы мамлекеттик бюджетке кирешелердин туруктуу түшүүсүн камсыздап, өлкө экономикасын өнүктүрүүдө жана салыктык башкаруунун сапатын жогорулатууда маанилүү салым кошуп жаткандыгын белгиледи.

Иш-чаранын алкагында өлкөнүн мыкты салык төлөөчүлөрүнө сыйлыктар тапшырып, алардын жогорку салыктык маданиятын, ак ниеттүү эмгегин жана КРнын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы баса белгиленди.

Мыкты салык төлөөчү катары - «Авангард Стиль» ЖЧК курулуш компаниясы, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси, «СИНЕМАТИКА» ЖЧКсы жана башка ондон ашык ишканалар менен жеке ишкерлер аталышты.

Мындан тышкары, салтанаттуу иш-чарада салык тармагындагы кызматташууну чыңдоого кошкон салымы үчүн «Яндекс Кыргызстан» компаниясынын өкүлдөрүнө медаль жана ардак грамота тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 50 үй-бүлөгө көмүр таратылды

Таласта 50 үй-бүлөгө көмүр таратылды

Талас шаарында аз камсыз болгон жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген мүчөлөрү бар 50 үй-бүлөгө 15 тонна көмүр таратылды. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, социалдык жардам көрсөтүү үчүн шаардык бюджеттен 100 миң сом бөлүнүп, ар бир үй-бүлөгө 6 каптан көмүр берилди. Жардам алуучулардын тизмеси тиешелүү башкармалыктын

Ишкер Media
3 кыргыз студенти Финансылык коопсуздук боюнча олимпиадада байгеге ээ болушту

3 кыргыз студенти Финансылык коопсуздук боюнча олимпиадада байгеге ээ болушту

Кыргызстандык студенттер Красноярск шаарында өткөн Финансылык коопсуздук боюнча VI Эл аралык олимпиадада байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Илим министрлигинен кабарлады. Маалым болгондой, олимпиаданын финалдык этабына 45 өлкөдөн 700гө жакын катышуучу катышты. Жыйынтыгында 35 өлкөдөн келген 219 катышуучу жеңүүчү жана байге ээси аталды. Алардын 193ү студенттер болду. Финалдын жыйынтыгы боюнча

Ишкер Media
Тогуз-Тородо 3 миң гектардан ашык жерди сугаруу үчүн 2 канал куруу пландалууда

Тогуз-Тородо 3 миң гектардан ашык жерди сугаруу үчүн 2 канал куруу пландалууда

Тогуз-Торо районунда жалпы 3 миң 256 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылууга багытталган эки каналдын курулушу пландалууда. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаровдун 26-октябрдагы иш сапары учурунда маалымдалды. Билдирүүгө караганда, анын бири - 800 гектар жерди сугарууга мүмкүндүк бере турган "Кара-Талаа" каналы. Долбоордун алдын ала

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

29-октябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин "Мурас Ордо" конушунда ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди. Маалымдалгандай, сууну өчүрүүгө "Мурас Ордо" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда жүргүзүлө турган профилактикалык оңдоо иштери себеп болууда. Тизмеге турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо

Ишкер Media