Бишкекте 11 чакырымдан ашуун жолдор асфальтталууда – фотоотчет

Бишкекте 11 чакырымдан ашуун жолдор асфальтталууда – фотоотчет

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы 17 объектиге 11 чакырымдан ашуун жол куруп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Свердлов районунун аймагында Үсөнбаев көчөсү Токтогул көчөсүнөн Сыдыков көчөсүнө чейин Абдрахманов көчөсүнө чыгуу менен жолдогу жалпы узундугу 280 погон метр жерди даярдоо жана канализация люктарын тазалоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле, узундугу 1 380 метр болгон Алай тилкесинде Элебесов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки жерде бригада эски асфальтты сыйруу жана топуракты таптоо иштерин жүргүзүүдө.

Узундугу 420 погон метр болгон Керченский чолок көчөсүндө Элебесов көчөсүнөн Дача-Керченский көчөсүнө чейинки жерде жердин кыртышын даярдоо жана бордюр орнотуу иштери жүрүп жатат.

Алай чолок көчөсүндө Керимов көчөсүнөн Мечников көчөсүнө чейинки жалпы узундугу 270 погон метр жерде люктарды көтөрүү иштери жүргүзүлүп, асфальт-бетон аралашмасын салууга даярдык иштери аяктады.

Ушул жуманын аягында Магадан көчөсүндө ЧЧКдан Васильев көчөсүнө чейинки жалпы узундугу 280 погон метр болгон жерде эски асфальтын сыйруу иштери башталат.

Асфальтка негиз даярдоо иштери Балыкчы чолок көчөсүндө Керимов көчөсүнөн Суворов көчөсүнө чейин 300 погон метр жерде  жана Мечников көчөсү менен Алай жана Балыкчы көчөлөрүнүн ортосундагы узундугу 80 погондук метр жерде жүрүп жатат.

Канализация түтүктөрүн орнотуу иштеринен кийин жолду таптоо иштери жыйынтыкталып, тиешелуүү иш кагаздары менен Ишканага өткөрүп берилгенден кийин узундугу 1 000 погондук метр болгон Сүйүмбаев тилкесинде ЧЧКдан Каражыгач токоюна чейинки курулуш иштери жанданат.

Элебесов көчөсү айланып өтүүчү жолдон АБЗга чейин жалпы узундугу 1300 погон метрди түзүп, эски асфальтын сыйруу иштери жүрүп жатат.

Биринчи май районунун аймагындагы узундугу 400 погон метр болгон Орозбеков көчөсү менен Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки жерде иштер жүрүп жатат. Батыш тараптан тротуарды уюштуруу иштери улантылып, ирригациялык системаны даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Лев Толстой көчөсүн бойлой Совет көчөсүнөн Белинский көчөсүнө  чейин (түндүк тарабы) узундугу 2000 погон метр жерде тротуар жакында салынат. Ошондой эле, Ч.Айтматов көчөсүндөгү (чыгыш тарабы) жылуулук трассасындагы жер астындагы жөө жүргүнчү өтмөгү оңдолгон.

Асфальтбетон аралашмасынын экинчи катмары Ленская көчөсүнө Фучик көчөсүнөн ЧЧКга чейин жалпы узундугу 1050 погон метр жерде салынды. Бүгүнкү күндө батыш тараптан тротуар уюштуруу жана тротуар бордюрларын орнотуу иштери жүрүп жатат.

Ай-Көл көчөсүн бойлой Республика көчөсүнөн Жаз көчөсүнө чейин 330 погон метрди түзгөн асфальтка негиз даярдоо иштери аяктоодо. Бүгүнкү күндө люктарды көтөрүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Жаңы унаа жолдору Васильев көчөсү менен Түлөбердиев көчөсүнөн М. Гвардия бульварына чейин 300 погон метр жерде жана  Сейил көчөсү Мыскал көчөсүнөн Мидин көчөсүнө чейинки 280 погон метрдик жерге салынды.

Жумабек көчөсү менен Кулиев көчөсүнөн Заводскаяга чейин, жалпы узундугу 500 погон метрди түзүп, асфальтка даярдык көрүү жана ирригациялык системаны орнотуу иштери жүрүп жатат.

Ленин районунун аймагында Камчатская көчөсү Ден Сяопин проспектисинен Тираспольская көчөсүнө чейин жалпы узундугу 990 погон метр жерди иштетүү иштери улантылып, ирригациялык системаны жана жол бордюрларын орнотуу иштери башталат.

Узундугу 400 погон метрди түзөтгөн М.Алыбаев көчөсү менен  Кривоносов көчөсүнөн Осмонов көчөсүнө чейинки тротуар жарым-жартылай асфальтталган.  Бүгүнкү күндө тротуардык бордюрларды жана ирригациялык системаны орнотуу иштери жүрүп жатат.

Кочкор көчөсү Тыныбеков көчөсүнөн Матыев көчөсүнө чейин 460 погон метр жерге тротуар бордюрларын орнотуу жана жолдун негизин даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Манас айылы көчөсү Ч.Айтматов көчөсүнөн (айланма жол) 1700 погон метр аралыкта топурак казуу иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media