«Таш-Көмүрдөгү жылуулук менен жабдуу ишканасы» күз-кыш мезгилине 80% даяр

«Таш-Көмүрдөгү жылуулук менен жабдуу ишканасы» күз-кыш мезгилине 80% даяр

«Таш-Көмүрдөгү жылуулук менен жабдуу ишканасы» күз-кыш мезгилине 80% даяр. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Такталгандай, Таш-Көмүр участкасына караштуу № 4 “Мира”, №2 “СШ № 4” , № 6 “Токтогул”, № 3 “Новостройка”, №1 «Северный» отканалары ал эми,  Шамалды-Сай участкасына караштуу Шамалды-Сай-1, Шамалды-Сай-№2, Шамалды-Сай-№3 отканалары ыштардан тазаланып, отканалардын ичи сырты акталып, сырдалып жылуулук берүү мезгилине толук даяр.

Шамалды-Сай-1 отканасына караштуу Д-219 – 60м, Д-159 – 110м жылуулук өткөрүүчү түтүк, Шамалды-Сай-№2 отканасына караштуу Д-219 – 94м, Д-159 – 86м, Д-108 – 100м, Д-76 – 52м жылуулук өткөрүүчү түтүктөр алмаштырылды.

Бардык отканаларда от жагуучуларга жумуш ордунда жакшы шарттарды түзүп берүү максатында заманбап үлгүдө жуунуучу жайлар оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп даярдалды. Калган отканаларда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат, ушул жылдын 1-сентябрына чейин толук даяр болот.

«Таш-Көмүрдөгү  жылуулук  менен  жабдуу ишканасы» филиалы жалпысынан 11 отканада 5 мектеп, 5 бала бакча, ШИИБ, шаардык Мэрия, Шаардык сот, ШББ, калкты жумуш менен камсыз кылуу борбору, шаардык статистика бөлүмү жана шаардын калкынын 889 үй (абонент) жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздап келген, 2023-жылдын январь айынан баштап консервацияда турган “ЦТП-5” отканасы реконструкцияланып, 2 көп батирлүү 5 кабаттуу үйдү жылуулук энергиясы менен камсыздап баштады, 2023-2024-жж күз-кыш мезгилинде дагы 3 көп кабаттуу үйгө жылуулук энергиясын берүү пландалууда.

Read more

Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунун Шумкар-Уя айыл өкмөтүндө таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Бул тууралуу Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынан билдиришти. Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн аймагында аянты 1,5 гектарды түзгөн «Шумкар» ишканасы курулган. Жергиликтүү бийлик ишкана аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга жардам берип, күнүнө 10-15 тонна таштандыны кайра иштетет деген ишенимде. Айыл өкмөтүнүн

«Альянс Алтын» мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча рекорд койду

«Альянс Алтын» мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча рекорд койду

«Альянс Алтын» компаниясы 2024-жылдын башынан бери 7.48 млрд сом төлөп, мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча жаңы рекорд койду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Тоо-кен компаниясында белгиленгендей, 2023-жылы «Альянс Алтын» рекорддук көрсөткүчтү 4,4 тонна алтын өндүргөн, бул өткөн жылдардагы көрсөткүчтөрдөн бир топ жогору. Ошол эле учурда салык

Жыл башынан бери «Альянс Алтындын» салык төлөмдөрү 6.2 млрд сомду түздү

Жыл башынан бери «Альянс Алтындын» салык төлөмдөрү 6.2 млрд сомду түздү

2024-жылдын январь-сентябрь айларында Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» кен казуучу компаниясы бюджетти дээрлик 6.2 млрд сомго толуктаган. Сентябрь айында салык төлөмдөрү 767 млн сомдон ашты. Бул тууралуу компания Economist.kgге билдирди. «Альянс Алтын» белгилегендей, алтынды сатуудан түшкөн салык отчеттук мезгилде дээрлик 5 млрд сомго жеткен. Ал эми сентябрь

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандагы ТОП-5 мыкты ишканалардын катарына кирди

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандагы ТОП-5 мыкты ишканалардын катарына кирди

«Альянс Алтын» тоо-кен казуучу компаниясы Кыргызстандагы ТОП-5 мыкты ишканалардын катарына кирди. Рейтинг Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында жарыяланды. Мекеменин маалыматы боюнча, ишкана престиждүү республикалык көрсөткүчтө төртүнчү орунду ээлеген. «Альянс Алтын» белгилегендей, бул жетишкендик компаниянын тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө умтулуусу жана өлкөнүн экономикасына жигердүү салымынын аркасында мүмкүн болду.