Тоңдо селдин кесепеттерин жоюу уланууда
![Тоңдо селдин кесепеттерин жоюу уланууда](/content/images/size/w1200/2023/08/370530191_687955716710491_7174780844471846383_n.jpg)
27-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Мойнок-1 айылында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары, болжол менен 30 турак үйдүн короо-жайларын, жертөлөлөрүн жана ички жолдорду каптаган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Такталгандай, 28-август күнү тазалоо иштерин жүргүзүүгө башкармалыктын 3 адамдан турган ыкчам топ, Балыкчы шаарынан 17, Тоң районунан 6, Ысык-Көл районунан 2 куткаруучу чыгышкан. Мындан сырткары аныктоо иштерин аткарууга ӨКМге караштуу Мониторинг жүргүзүү жана тазалоо иштерине көзөмөлдөө департаментинен 4 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам, жалпы 42 адам чыкты.
Ошондой эле оор жумуштарды аткарууга ӨКМден 6, жергиликтүү бийликтен 2 техника тартылды.
![](https://im.kg/content/images/2023/08/370370339_687955676710495_5121527006570681762_n.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2023/08/370530191_687955716710491_7174780844471846383_n-1.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2023/08/370857168_687955596710503_3862290836423924537_n.jpg)